Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Тарас жана Дарья Кузьолор, Сергей Люлин, Пётр Жильцов

27-СЕНТЯБРЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 22-МАРТ, 2024
ДҮЙНӨ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ЧЕЧИМ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ | Жахаба бир туугандарыбызга терс ойлорго алдырбаганга жардам берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ЧЕЧИМ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ | Жахаба бир туугандарыбызга терс ойлорго алдырбаганга жардам берүүдө

2024-жылдын 21-мартында Крым Республикасынын Жогорку соту Тарас жана Дарья Кузьолорго, Сергей Люлинге жана Пётр Жильцовго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарды. Ишенимдештерибиз түрмөдөн дароо бошотулган. Эми алардын иши кайра каралышы үчүн Крым Республикасынын Ялта шаардык сотуна кайтарылат.

2023-жылдын 27-февралында Крым Республикасынын Ялта шаардык соту Тарас жана Дарья Кузьолорду, Сергей Люлинди жана Пётр Жильцовду айыптуу деп тапты. Дарья үч жылга шарттуу соттолду. Бирок азырынча түрмөгө камалбайт. Тарас алты жарым жылга, ал эми Сергей менен Пётр алты жыл бир айга кесилди. Бул үч ишенимдешибизди тең сот залынан дароо түрмөгө алып кетишти.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 4-март

    Тараска экстремисттик уюмдун ишин каржылады деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон

  2. 2021-жыл, 11-март

    9 Жахабанын Күбөсүнүн, анын ичинде Тарастардын жана Сергейлердин үйү тинтүүгө алынган. Тарас убактылуу тергөө камак жайына камалган

  3. 2021-жыл, 12-март

    Тарас үй камагына чыгарылган. Бирок үй-бүлөсү менен чогуу болушуна тыюу салышкан

  4. 2021-жыл, 29-июль

    Дарьяга, Пётрга жана Сергейге каршы кылмыш иши козголгон. Пётр убактылуу тергөө камак жайына камалган

  5. 2021-жыл, 30-июль

    Кылмыш иштери чогуу карала баштаган. Пётр үй камагына чыгарылган

  6. 2021-жыл, 11-август

    Сергейди кармап кетишип, 800 чакырым алыстыкта жайгашкан тергөө камак жайына алып барышкан. Барар жерине жеткенге чейин ал 16 саат бою эки колу башынын үстүндөгү темирге, буттары отургучка байланган бойдон барган

  7. 2022-жыл, 1-март

    Сергей тергөө камак жайынан үй камагына чыгарылган

  8. 2022-жыл, 4-апрель

    Сот отуруму башталган

  9. 2022-жыл, 11-июль

    Пётр, Сергей жана Тарас үй камагынан бошотулуп, эки жакка чыгууга чектөөлөр коюлган

Жеке маалымат

Түрмөдө, убактылуу тергөө камак жайында же үй камагында отурган ишенимдештерибиз өздөрүн «жарга такалгандай» сезиши мүмкүн. Бирок Жахаба анын ысмы үчүн кордук көрүп жаткандарды эч качан таштабайт! (2 Корунттуктар 4:8, 9).