Мазмунун көрсөтүү

Австралияда велоспорт боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлгөн маалда кабар айтып жаткан Жахабанын Күбөлөрү

3-ФЕВРАЛЬ, 2023
АВСТРАЛИЯ

Австралияга спорт таймашына барган ар улуттун өкүлдөрүн кызыктырган кабар айтуу иши

Австралияга спорт таймашына барган ар улуттун өкүлдөрүн кызыктырган кабар айтуу иши

2022-жылдын 18-сентябрынан 25-сентябрына чейин Австралиянын Вуллонгонг шаарында велоспорт боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлгөн. Ошол маалда Австралиянын булуң-бурчундагы Жахабанын Күбөлөрү мелдеш өткөн шаарда кабар айтуу ишин уюштурушкан. Ал таймашка жыл сайын 70 өлкөдөн 200 000ден ашуун киши барат.

Ишенимдештерибиз 600дөн ашык адабият таратып, көптөргө каалаган тилинде адабият жүктөп алганга жардам беришкен. Ошондой эле Ыйык Китепти изилдегиси келгендердин 18инен өтүнмө келип түшкөн. Сентябрдан бери Ыйык Китепти изилдей баштагандардын бешөө жолугушууларыбызга үзбөй келе баштады. Ооба, бир ишенимдешибиз айткандай, «бир кишидей иш кылып, ошол ишке салым кошкондордун аракетине Жахаба чынында эле батасын төктү». Дагы бир ишенимдешибиз бул тууралуу мындай деген: «Арабызда сонун маанай өкүм сүрүп турду. Мен үчүн бул эстен кеткис болду. Кызматымды мурдагыдан да күйүп-жанып аткарганга бел байлап калдым».

Австралиядагы боордошторубуздун «Кудайыбыздын улуулугун даңазалаганын» угуп, алардын кубанычына ортоктош болуп жатабыз (Мыйзам 32:3).