Мазмунун көрсөтүү

25-МАЙ, 2023
ГРЕЦИЯ

«Коккинакис Грецияга каршы». 30 жылдан кийин да күчүн жоготпогон АУЕСтин маанилүү чечими

Бүтүндөй Европада дин тутуу боюнча негизги укуктарды бекиткенге жардам берген

«Коккинакис Грецияга каршы». 30 жылдан кийин да күчүн жоготпогон АУЕСтин маанилүү чечими

Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) чыгарган таасири күч, абдан белгилүү чечимдин чыкканына быйыл, 2023-жылы 25-майда, 30 жыл болду. Ал чечим «Коккинакис Грецияга каршы» деп аталат. Бул чечим дин тутуу эркиндигине каршы иш кылганы үчүн кайсы бир өлкөнү айыптаган, АУЕС чыгарган биринчи чечим болгон. 1993-жылдан бери ал чечим Европа Кеңешине мүчө болуп кирген 46 өлкөдө диний укуктарды коргогон «тирөөч» болуп келет. Айталы, Орусия сыяктуу өлкөлөр Кудайга эркин сыйынышыбызга чектөө койгондо, «Коккинакис Грецияга каршы» деген ушул сот чечими маанилүү роль ойногон.

Адам укуктары боюнча Европа конвенциясы корголушу керек болгон укуктар тууралуу сөз кылганда, Европа Кеңешинин расмий веб-сайтында ошол чечимге шилтеме кылынат. Бул ушул күнгө чейин ушундай болуп келет. Кызыктуусу, бул чечим юридикалык мектептерде окутулат. Ошондой эле Европа сотуна жөнөтүлгөн доо арыздарда да шилтеме кылынат.

«Коккинакис Грецияга каршы» деген ушул сот чечиминде «адамдын сүйлөгөн сөзү, кылган иштери туткан динине жараша болору» баса белгиленген. Андан тышкары, анда «адам динин ачык тутканга акылуу экени,.. анын ичинде башкаларды ошого ишендиргенге, мисалы, окутуп-үйрөтүп ошондой кылганга укуктуу экени» да айтылган.

Ушул сот ишине катышкан АУЕСтин тогуз сотунун бири Де Мейер көз карашын мындай деп түшүндүргөн: «Кимдир бирөөнү башка динге өткөрүү бул тек гана адамдын өз динин жайылтканга ынтызар экенин көрсөтүп турат. Ошондой кылганы кылмыш кылгандыкка жатпайт. Бул мыйзам чегинде жасалган эле иш-аракет. Адам динине карманып жатканын ошентип көрсөтөт».

Бул сот чечими Майнос Коккинакис деген ишенимдешибиздин ишине байланыштуу болчу. Тарыхыбызда из калтырган бул сот иши боюнча жарым кылым бою күрөшүп отуруп, акыры жеңишке жеткенбиз. Эске салсак, 1938-жылы Грециянын бийлик өкүлдөрү Майнос Коккинакисти грек диктатору Иоаннис Метаксас чыгарган мыйзамдын негизинде камакка алышкан. Ал мыйзамга ылайык, өз динин жайылткан киши кылмышкер катары каралган. Ал кезде Майнос 30 жашта болчу. 1938-жылдан 1992-жылга чейин камакка алынган 19 147 Жахабанын Күбөсүнүн ичинен биринчилерден болуп камакка алынган. Ошол жылдар аралыгында боордошторубуз шылдыңга алынышкан, жаман мамилеге кабылышкан, ур-токмокко алынышкан.

Кайраты жанбаган Майнос бир тууганыбыз кызмат кылганын токтотуп койгон эмес. Ал 60тан ашык жолу камакка алынган, Грек сотторунун алдында 18 жолу суракка алынган, 6 жылдан ашык убакыт бою темир тордун артында отурган, сүргүнгө айдалган, көп жолу айып пул төлөгөн.

Акыры, 1993-жылы АУЕС Майнос Коккинакисти актап, Греция өкмөтү анын дин тутуу эркиндигин тебелеп келген деген чечим чыгарган. Ошол кезде ал 84 жашка чыгып калган болчу. Мындан тышкары, АУЕС Греция өкмөтүн Майнос бир тууганыбызга канча жылдан бери азап чегип келгени үчүн кенетме төлөп, сотко кеткен бүт чыгымдарын жаап бергенге милдеттендирген. Өмүрүнүн акыркы жылдарын ал бир тууганыбыз Критте өткөргөн. Ошентип, 1999-жылы 90 жашында көз жумган.

Де Мейер деген сот Майнос бир тууганыбыздын эч кандай кылмыш кылбаганын, «ынталуу болгону үчүн гана айыптылганын» баса белгилеген.

Бүгүнкү күнгө чейин сот иштерине чоң таасир этип келаткан ошол тарыхый чечим тууралуу Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы жактоочусу Филип Брамли мындай деген: «„Коккинакис Грецияга каршы“ деген аталыштагы бул сот чечими адамга башка бирөөлөргө ишенген нерселерин айтканга укук берет. Бул чечимде айтылгандарды көп цитата кылышат, АУЕСтин чечимдерине негиз катары көп колдонушат. Европа өлкөлөрүндө эле эмес, башка өлкөлөрдө да ушундай».

Ушундай чоң жеңиш алып келген, азыркыга чейин пайдасын тийгизип жаткан ушул чечим үчүн Жахабага алкыш айткыбыз келет. Ал бизди «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча бекитип, коргоп» жаткан учурларда акыл берип, туура жакка багыттап келет. Ошол үчүн ага миң мертебе ыраазыбыз (Филипиликтер 1:7).