Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

«Мушташ өнөрүнө жанымды берчүмүн»

«Мушташ өнөрүнө жанымды берчүмүн»
  • Туулган жылы: 1962

  • Өлкөсү: Кошмо Штаттар

  • Мурун: Мушташ өнөрүн жакшы көрчү

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН

 Бир жолу машыгып жатып өнөктөшүмдү байкабай мурунга катуу тээп алдым. Ошондо өзүмдү жемелеп, аябай жаман болдум. Анан бул өнөрдү ташташым керек эмеспи деп ойлоно баштадым. Негизи, көп жылдардан бери спорттун ушул түрүнө жан-жигеримди берип катышып келаткам. Анда эмне үчүн ошондон тартып бул өнөрүмдү таштайын деп ойлоно баштаганымды айтып берейин. Бирок адегенде эмне болуп мушташ өнөрүн жакшы көрүп калганымды кеп кылайын.

 Мен АКШдагы Нью-Йорк штатындагы Буффало шаарына жакын жерде чоңоюп-өскөм. Ата-энем Кудайдан корккон католиктер болчу. Биз бактылуу жашачубуз. Мен католиктердин мектебинде окуп, дин кызматчылардын жардамчысы болуп жүрдүм. Ата-энем эжем экөөбүздүн чоңойгондо жашоодо көп жетишкендиктерге жетишибизди каалачу. Ошон үчүн мектептен кийин спорт ийримдерине катышканга жана анча-мынча иштегенге уруксат беришчү. Бирок ал нерселер жакшы окушума тоскоолдук кылбашы керек эле. Ошентип кенедей кезимен эле өзүмдү тартипке салганга үйрөндүм.

 17 жашымда мушташ өнөрүн үйрөнө баштадым. Көп жыл бою жумасына алты күн, күнүнө 3 сааттан машыгып жүрдүм. Ошондой эле чеберчилигимди арттырыш үчүн жума сайын көп саат бою чабуул ыкмаларын элестетип, акылымда машыгып жүрө берчүмүн. Ар кандай видеолорду да көрчүмүн. Көзүмдү таңып алып машыкканды жакшы көрөр элем. Андайда атүгүл курч куралдар менен көнүккөндөн тайманчу эмесмин. Такталарды, кыштарды бир уруп эле сындырып койчумун. Бара-бара даражам көтөрүлүп, таймаштарда ар кандай сыйлыктардын ээси болдум.

 Ошентип, мушташ өнөрү жашоомдун маңызына айланды. Мен өзүмдү ийгиликке жеткен адаммын деп эсептечүмүн. Университетти эң мыкты баа менен бүтүрдүм. Анан бир чоң компанияга компьютер тармагы боюнча инженер болуп орноштум. Ал компания мага айлык төлөп бергенден сырткары, ар кандай сыйлыктарды берип турчу. Үй да алдым, сүйлөшкөн кызым да бар болчу. Сырттан карагандарга мен эң бактылуу адамдай көрүнчүмүн. Бирок жашоонун маңызына байланыштуу жүрөгүмдү өйүгөн суроолорум көп эле.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ

 Суроолорума жооп алыш үчүн чиркөөгө жумасына эки жолу бара баштадым. Кудайдан да суроолорума жооп табууга жардам беришин сурап тиленчүмүн. Бир жолу досум менен сүйлөшүп калдым. Ошол маектен кийин жашоом түп-тамыры менен өзгөрдү. Мен андан: «Жашоонун маңызы эмнеде? Эмне үчүн азап-кайгы, адилетсиздик ушунчалык көп?» — деп сурадым. Ал да мурун ушул сыяктуу суроолор тууралуу ойлонгонун, Ыйык Китептен аларга канааттандырарлык жооп тапканын айтты. Анан «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» a деген китепти берди. Көрсө, ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жүрчү экен. Адеп, ал китепти алгандан чочуладым. Анткени башка диндин адабиятын окубаш керек деп ойлочумун. Бирок жүрөгүмдү түпөйүл кылган суроолорго аябай жооп алгым келчү. Ошон үчүн акылга сыярлык жоопторду, балким, Жахабанын Күбөлөрүнөн таап калаттырмын деп ойлодум.

 Ыйык Китепте жазылгандар мени аябай таң калтырды. Мисалы, Кудайдын адамдарды жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашашы үчүн жаратканын билдим. Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайдын баштапкы ой-ниети өзгөрбөгөнү жазылыптыр (Башталыш 1:28). Өзүм окуп жүргөн «Король Яковдун Ыйык Китебинен» Кудайдын ысмы Жахаба экенин көргөндө таң калганымды сурабагыла. Көрсө, «ысмың ыйыкталсын» деп кайталаган сайын ошол ысым жөнүндө тиленчү экенмин да (Забур 83:18, Матай 6:9). Акыры, Кудайдын адамзаттын кыйналып жатканына эмне үчүн жол берип жатканын да түшүндүм. Ыйык Китептен билгендеримдин баары жүйөлүү болуп жатты. Жүрөгүмдү ушунчалык козгоду.

 Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларына бара баштаган күндөрүмдү эч качан унутпайм. Баары мени менен жылуу учурашып, таанышып жатышты. Биринчи жолу барганымда Кудайдын кандай тиленүүлөрдү угары жөнүндө атайын баяндама болгон. Ага чейин Кудайдан жардам сурап тиленип жүргөндүктөн ал баяндама мага абдан кызыктуу болду. Андан кийин Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине катыштым. Жолугушуулардан жадагалса кичинекей балдардын Ыйык Китепти ачып отурганын көрүп таң калдым. Мен болсо Ыйык Китептен аяттарды кантип табышты билчү эмесмин. Бирок Жахабанын Күбөлөрү мага аяттарды тапканды үйрөттү.

 Жолугушууларга көбүрөөк барган сайын Жахабанын Күбөлөрү окуткан чындыктарды жогору баалай баштадым. Ар бир жыйналыштан көп нерсени билип, кадимкидей сергип, дем-күч алып жаттым. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдеп көрүүнү сунушташты.

 Бара-бара Жахабанын Күбөлөрү менен чиркөөмдөгүлөрдүн айырмасы асман менен жердей экенин түшүндүм. Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайга чын жүрөктөн жаккысы келген биримдүү эл экенин байкай баштадым. Алардын Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенине көзүм жетти. Анткени арасында дайыма сүйүү өкүм сүрүп турчу (Жакан 13:35).

 Ыйык Китепти изилдеген сайын ага ылайык жашаш үчүн көп нерсени өзгөртүшүм керек болду. Бирок мушташ өнөрүн таштай албайм деп ойлочумун. Анткени машыгуу, таймашуу дегенде жанымды берчүмүн. Бир жолу бул тууралуу мени менен изилдеп жаткан Жахабанын Күбөсүнө айттым. Ал: «Негизгиси, изилдегениңди токтотпо. Бир күнү өзүң туура чечим чыгарасың»,— деди. Мага дал ошондой кеңеш керек болуп жаткан. Канчалык көбүрөөк изилдеген сайын Жахаба Кудайга ошончолук жаккым келе баштады.

 Сөзүмдүн башында айткан окуя жашоомдогу чукул бурулуш болду. Өнөктөшүмдү байкабай мурунга тээп алгандан кийин катуу ойлонуп калдым. Мен: «Мушташ өнөрүн таштабай туруп кантип Машаяктын тынчтыкка умтулган жолдоочусу боло алам?» — деп ойлондум. Ошондой эле Ышая 2:3, 4тө Жахабага баш ийгендер «согушууга үйрөнбөй турганы» алдын ала айтылганын билдим. Андан тышкары, Иса атүгүл адилетсиздикке кабылганда да зордук-зомбулукка барбаш керектигин үйрөткөн (Матай 26:52). Ошол себептен жан дүйнөмдү ээлеп алган мушташ өнөрүн таштадым.

 Ошондон кийин Ыйык Китептеги: «Кудайга берилгендик көрсөтүүгө машыга бер»,— деген кеңешке ылайык иш кылууну чечтим (1 Тиметей 4:7). Ага чейин бүт күчүмдү, убактымды мушташ өнөрүнө жумшап келсем, эми Кудайга жакындаганга, ага кызмат кылганга жумшай баштадым. Ыйык Китепти изилдегеним сүйлөшкөн кызыма жаккан жок. Ошон үчүн экөөбүз эки башка жолго түштүк. 1987-жылы, 24-январда чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум. Көп өтпөй убактымдын көбүн Кудайга кызмат кылууга арнап, башкаларга Ыйык Китептен билгендеримди айта баштадым. Ошондон бери толук убакыт кызмат кылып келатам. Бир кезде Нью-Йорктогу (АКШ) Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында да кызмат кылып калдым.

ПАЙДАСЫ

 Кудай жөнүндөгү чындыкты таап, жашоонун маңызы эмнеде экенин түшүндүм. Көкүрөгүмдөгү боштук толду. Азыр жашоом маңыздуу өтүп жатат. Келечекке болгон үмүтүм жанып, чындап бактылуу болуп калдым. Ден соолугум үчүн азыр деле көнүгүүлөрдү жасап турам. Бирок мурункудай болуп ага баш отум менен берилбейм. Мен үчүн Жахаба Кудайга кызмат кылуу жашоомдо биринчи орунда турат.

 Мушташ өнөрү менен иришип жүргөндө дайыма сак болуп, бирөө кол салса, кантип коргоном деп ойлоно берчүмүн. Азыр деле тегерек-четимдеги адамдарды байкап жүрөм. Бирок башка максат менен: мен аларга жардам берүүнү көздөйм. Ыйык Китеп мага берешен адам болгонго, жакшы күйөө болгонго жардам берип келет. Сүйүктүү жубайым Бренда экөөбүз бактылуубуз.

 Мушташ өнөрүнө жанымды берчүмүн. Ошентсе да ал өнөрдү алда канча жакшы нерсеге алмаштырдым. Ыйык Китепте бул тууралуу мындай деп айтылат: «Денени машыктыруунун пайдасы аз, ал эми Кудайга берилгендик бардык жагынан пайдалуу, себеби ага азыркы да, келечектеги да жашоого тиешелүү убадалар байланышкан» (1 Тиметей 4:8).

a Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, учурда басылбайт.