Мазмунун көрсөтүү

«Чынчыл болсоң... бул башкага да жугат»

«Чынчыл болсоң... бул башкага да жугат»

 Түштүк Африкада жашаган Даниелла деген Жахабанын Күбөсү кофе ичкен жайдан сумка таап алган. Аны бир кардар ошол жерге унутуп кетиптир. Сумканын ичинде акча, кредит карталары салынган капчык бар экен. Аны ээсине кайтарып бергиси келгендиктен Даниелла ошол кишинин дарегин, телефон номурун издеген. Бирок анын аты-жөнүн эле биле алган. Анан ал киши менен анын банкы аркылуу байланышууга аракет кылган, анткен менен эч майнап чыккан эмес. Ошентсе да, Даниелла ошону менен эле тим болуп калбай, тиги кишинин сумкасындагы доктур жазып берген кагаздагы номурга чалган. Ага оорукананын кабылдамасындагы аял жооп берип, Даниелланын номурун тиги кишиге берип коёрун айткан.

 Ал кишиге ооруканадагылар чалып, Даниелла деген кыздын анын сумкасын таап алганын жана кайтарып бергиси келип жатканын айтканда, тиги киши уккан кулагына ишене албай, аябай таң калган. Сумкасын алганы келгенде, аны Даниелла менен анын атасы тосуп алган. Алар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аны табууга эмне үчүн ошончолук күч жумшаганын айтып беришкен. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрү катары Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык жашагандыктан чынчыл болууга дайыма умтуларын түшүндүрүшкөн (Еврейлер 13:18).

 Бир нече саат өткөндөн кийин, ал киши Даниелла менен анын атасына сумкасын, капчыгын кайрып бергени үчүн дагы бир ирет рахмат айтып, билдирүү жөнөткөн. Ал мындай деп жазган: «Мени табыш үчүн ушунчалык аракет кылганыңарга миң мертебе ыраазымын. Силер менен таанышканыма кубанычта болдум. Силердин жылуу сөзүңөрдү, жакшы мамилеңерди эч качан унутпайм. Канчалык ыраазы болуп жатканымды билдириш үчүн силерге акчалай тартуу кылгым келип жатат. Кудайыңарга кызмат кылыш үчүн көп нерседен баш тартарыңарды билем. Даниелланын чынчылдыгынан, Кудайга берилгендигинен улам силердин жакшы кишилер экениңерге ынандым. Дагы бир жолу чоң рахмат. Кудай силерге батасын берсин».

 Ошондон бир нече ай өткөн соң, Даниелланын атасы ал кишиге жолугуп калган. Ал киши ага жакында эле капчык таап алганын айтып берген. Көрсө, ал соода кылып жүрүп жерден капчык таап алыптыр. Анан капчыктын ээсин таап, ага кайтарып берген экен. Ошондой эле анын өзүнө да жакында эле бирөөлөр ушундай жакшылык кылганын, ошол себептен ушундай кылганга түрткү алганын түшүндүрүп бериптир. Ал: «Чынчыл болсоң жана жакшылык кылсаң, бул башкага да жугат экен. Мунун аркасында коомдогу ар бир кишинин жашоосу жакшырат»,— деген.