Мазмунун көрсөтүү

Мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болгонуна карабай башкаларга жакшылык кылат

Мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү болгонуна карабай башкаларга жакшылык кылат

 Бразилияда жашаган Мария Лусия тукум куума Ушер синдромунан кыйналып келет. Ал оору адамдын кулагынын катуулап калышына же таптакыр укпай калышына жана көзүнүн көрбөй калышына алып келет. Төрөлгөнүнөн эле кулагы укпагандыктан, ал жаңдоо тилин үйрөнгөн. 30дарга чыкканда көзү көрбөй баштаган. Ошого карабай Мария Лусия башкалардан обочолонгон эмес. Ал эл менен аралашып, ары бактылуу, ары маңыздуу жашоо өткөрүп келет. Азыр ал 70 жашта.

 Мария Лусия Жахабанын Күбөлөрү менен 1977-жылы таанышкан. Анда анын көзү жакшыраак көрчү. Ал мындай деп бөлүшөт: «Адриано деген классташым экөөбүз жолугуп калдык. Ал ошондо жаңы эле Жахабанын Күбөсү болуптур. Ал мага Кудайдын жерди бейишке айлантарын убада кылганын, бейиште баары чың ден соолукта өмүр сүрөрүн айтып берди. Анын айткандары мага аябай жакты. Ошон үчүн Ыйык Китепти изилдөөгө макул болдум. Көп өтпөй Рио-де-Жанейродогу жыйналышка бара баштадым. Ал жакта жыйналыштын программасы жаңдоо тилине которулчу. Жахабанын жардамы менен акырындап рухий жактан өсүп, 1978-жылы июль айында чөмүлдүм».

 Арадан бир канча жыл өткөндөн кийин Мария Лусия башка жыйналышка которулган. Бирок ал жыйналышта эч ким жаңдоо тилин билбегендиктен, Мария Лусия башында жыйналыштын программасын түшүнө албай кыйналган. Ошондо ага эки ишенимдеши жардам берүүнү чечкен. Алар анын жанына отуруп алып, жыйналышта эмнелер айтылып жатканын жазып беришчү. «Үйгө келип алып, алардын жазгандарын түшүнүш үчүн кайра-кайра окучумун. Кийин ошол эки ишенимдешим жаңдоо тилин үйрөнүп, мага которуп берип калышты»,— дейт Мария Лусия.

 Мария Лусиянын көзү начарлап отуруп, бара-бара котормочулардын жаңсоолорун көрө албай калган. Ошол себептен ал тактилдик жаңдоо тилине өткөн. Ал эмне? Мария Лусия мындай деп түшүндүрөт: «Мен колумду мага которуп берип жаткан кишинин колунун үстүнө коём. Ошентип кайсы жаңсоолорду колдонуп жатканын биле алам».

 Мария Лусия ага которуп берген котормочуларга абдан ыраазы. Ал: «Алар Жахабанын мен үчүн берген баалуу белеги. Алардын аркасында жыйналыштардын, жыйындардын программасынан пайда ала алам»,— дейт.

 Мария Лусия дагы деле жигердүү кызмат кылат. Ал кулагы укпагандарга тактилдик жаңдоо тили аркылуу кабар айтат. Жакшы кабарды жеткириш үчүн ушундай күч жумшап жатканын көргөндө көптөр абдан таасирленет. COVID-19 пандемиясы учурунда Мария Лусия бир тууган иниси Хосе Антонио менен чогуу кулагы укпаган адамдарга көп кат жазышкан. Хосе Антонионун да кулагы укпайт, көзү да көрбөйт a.

 Алар каттарды кантип жазышкан? Мария Лусия мындай деп түшүндүргөн: «Менин ортосу төрт бурчтук болуп оюлган желимден жасалган шайманым бар. Ошонун жардамы менен саптарды түз жаза алам. Хосе Антонионун эс тутуму абдан жакшы. Ал кайсы темада жазсак болорун, Ыйык Китептен кайсы аяттарды кошсок болорун айтып жатты. Мен каттарды кулагы укпаган адамдар түшүнө ала тургандай кылып жазганга аракет кылам. Себеби кулагы укпаган адамдардын баары эле жазылган нерселерди окуй алышпайт».

 Азыр Мария Лусиянын көзү таптакыр көрбөй калган. Ошентсе да ал кол куушуруп отурбайт. Ага которуп берген котормочулардын бири Каролина: «Мария Лусия үйүндөгү оокатынын баарын өзү жасайт. Үйүн тыкан, таза кармайт. Ал тамак жасаганды, досторун конокко чакырганды жакшы көрөт»,— дейт.

 Мария Лусия барган жыйналышта аксакал болуп кызмат кылган Жефферсон мындай деп бөлүшөт: «Мария Лусия Жахабаны да, адамдарды да аябай жакшы көрөт. Ал дайыма башкаларга жакшылык кылат. Анын башкалар үчүн жанын аябаганын абдан баалайм» (Филипиликтер 2:4).

a Хосе Антонио 2003-жылы Жахабанын Күбөсү болгон. Ал да, Мария Лусия сыяктуу эле, төрөлгөнүнөн эле кулагы укпайт. Кийин көзү да көрбөй калган.