Мазмунун көрсөтүү

Алар кызгылт көгүш үч бурчтук тагынып жүрүшкөн

Алар кызгылт көгүш үч бурчтук тагынып жүрүшкөн

 Мууд деген ишенимдешибиз Францияда жашайт жана мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окуткан мектепте мугалимдин жардамчысы болуп иштейт. Жакында эле ошол мектептеги окуучулар бир сабактан Холокост жана нацисттердин концлагерлери жөнүндө өтүшкөн. Концлагерге айдалгандар, адатта, ар кандай түстөгү кичинекей чүпүрөк тигилген кийим кийип жүрүшчү. Ал чүпүрөктүн түсүнөн жана түзүлүшүнөн адамдын эмне себептен камалганын аныктоого мүмкүн боло турган.

 Сабак учурунда мугалим камактагы айрым кишилер тагынып жүргөн кызгылт көгүш үч бурчтук тууралуу сөз кылып: «Менимче, алар гомосексуалдар болгондуктан ушундай белги тагынып жүрүшкөн»,— деп айткан. Сабактан кийин Мууд ал мугалим менен сүйлөшүп, кызгылт көгүш үч бурчтук нацисттерге Жахабанын Күбөлөрүн айырмалоого жардам бергенин түшүндүргөн a. Анан ушул темага байланыштуу материал даярдап келүүнү сунуштаган. Мугалим макул болуп, андан окуучулар менен ошол маалыматты бөлүшүүнү суранган.

 Дагы бир мугалим ошол эле темада сабак өтүп жатып концлагерлерге камалгандар тагынган белгилер тартылган таблица колдонгон. Ал таблицада кызгылт көгүш үч бурчтукту Жахабанын Күбөлөрү тагынып жүргөнү көрсөтүлгөн. Сабактан кийин Мууд ал мугалимге да ошол темага байланыштуу маалымат сунуштаган. Ал анын сунушун кабыл алып, окуучуларга ошол туурасында айтып беришине кам көргөн.

Мууд өзү колдонгон адабияттарды жана дискти кармап турат

 Биринчи мугалимдин сабагында Мууд окуучуларга видеотасма менен коштолгон 15 мүнөттүк сөз даярдаган. Бирок айта турган маалы келгенде, мугалим ага: «Бир саатты толук колдоно берсең болот»,— деген. Ошондо Мууд алгач Жахабанын Күбөлөрүнүн нацисттер тарабынан кантип куугунтукталганы жөнүндөгү документалдык тасманы көрсөткөн. Анан тасманы нацисттердин Жахабанын Күбөсү болгон 800 баланы ата-энесинен ажыратканы тууралуу айтылган жеринен токтотуп, үч баланын окуясын окуп берген. Андан соң кайра видеону көрсөтүп, сөзүнүн акырында Герхард Штейнакер деген 19 жаштагы австриялык Жахабанын Күбөсүнүн катын окуп берген. Ал катты Герхард 1940-жылы нацисттер аны өлүм жазасына тартар алдында бир нече саат мурун ата-энесине жазган b.

 Мууд ушундай эле темада экинчи мугалимдин сабагында да сөз сүйлөгөн. Анын кайраттуулугунун аркасында эки мугалим тең азыр нацисттердин концлагерлеринде азап тарткандар тууралуу айтып бергенде сөзсүз Жахабанын Күбөлөрү тууралуу сөз кылышат.

a Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Германияда Бибельфоршер (Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр) деп да белгилүү болгон Жахабанын Күбөлөрү нацисттерди колдоодон баш тартканы үчүн түрмөгө камалышкан.

b Герхард Штейнакер немис аскерлерине кошулуудан баш тартканы үчүн, өлүм жазасына тартылган. Өлүм алдында жазган катында ал: «Мен али бала эле бойдонмун. Кудайдан күч беришин сурап жатам. Ансыз мен туруштук бере албайм»,— деп жазган. Герхард кийинки эле күнү эртең менен өлүмгө кыйылган. Анын мүрзөсүнө: «Ал Кудайды даңкташ үчүн өлгөн»,— деп жазып коюшкан.