Мазмунун көрсөтүү

Шингу дарыясын бойлой кабар айтуу

Шингу дарыясын бойлой кабар айтуу

2013-жылдын июль айынын башында Бразилиядагы 28 Жахабанын Күбөсү Сан-Феликс-ду-Шингу шаарынан чыгып, каяпо жана юруна деген индей уруулары жашаган кыштактарды көздөй жол тартышат. Алар узундугу 15 метр болгон кайыкка түшүп алып, Амазонка дарыясынын куймасы болгон, 2092 километрге созулган Шингу дарыясы менен түндүктү көздөй сүзүп жөнөшөт.

Алар дарыяны бойлой жайгашкан кыштактарга Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жеткирүү үчүн барышат. Ал топ Кокрайморо деген кыштакка 3 күндө жетет. Кыштактын жайдары, меймандос келген эли аларды аябай жакшы тосуп алат. Ал жакта жашаган бир аял Жахабанын Күбөлөрүнө колун аябай жаңсап, бир нерсени түшүндүргөнгө аракет кылат. Ошондо Жахабанын Күбөлөрүн коштоп жүргөн ошол жерлик бир киши ал аялдын: «Баарыңар келгиле, биз баарыңар менен таанышкыбыз келет»,— деп жатканын айтат.

Жахабанын Күбөлөрү ар бир адамга кабар айтканга аракет кылышат: айрымдар менен португал тилинде сүйлөшсө, башкалар менен жаңсап сүйлөшүшөт. Бул жагынан аларга Ыйык Китепке негизделген кооз сүрөттөргө бай адабияттар жардам берет. Кыштакта жашагандардын көбү адабияттарды, өзгөчө, «Кудайды уккула!» деген китепчени жакшы алышат.

Сан-Феликс-ду-Шингуда кызмат кылган Жерсон деген атайын пионер кыштактын бир тургунунун «Ыйык китептик аңгемелер» деген китепти алганда кандай сезимде болгонун эскерип, мындай дейт: «Ал киши китепти көрөрү менен колуман жула калып, бир мүнөткө да кой бергиси келбей, эки колу менен бекем кармап турду».

Ошентип, Жахабанын Күбөлөрү дарыяны бойлой жайгашкан кыштактарга 500дөй адабият, анын ичинде китептерди, журналдарды, китепчелерди калтырышкан. Ал жактагы эл адабияттарга абдан ыраазы болушкан. Каватири кыштагындагылар жердин бейишке айлана турганы жөнүндөгү Ыйык Китептеги убаданы аябай кызыгып угушкан. Мисалы, индейлердин каяпо уруусунан болгон Тонжайква деген меймандос бир киши: «Бейиште жашай турган адамдар биздей болуп жашайт турбайбы»,— деп айткан.

Сан-Феликс-ду-Шингудагылардын көбү Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтыш үчүн дарыяны бойлой жайгашкан кыштактарга барарын билишкен. Кыштактарга кабар айтканы баргандардын бири Симоне жердештеринин айрымдары ал жактагы элдер Жахабанын Күбөлөрүн айылдарына жолотпойт дегендей ойдо болушканын айткан. Бирок эч кандай каршылык болгон эмес. Кийин Симоне: «Ал жактагылар бизди аябай жакшы тосуп алышты, биз баарына кабар айттык»,— деген.