Мазмунун көрсөтүү

Париждегилер Ыйык Китептеги үмүт жөнүндө угушту

Париждегилер Ыйык Китептеги үмүт жөнүндө угушту

2015-жылдын 30-ноябрынан 12-декабрына чейин Бириккен Улуттар Уюму Парижде (Франция) өткөргөн «Климат алмашып жатат» (COP21) деп аталган конференцияга 195 улуттун өкүлү катышты. Конференцияда: «Адамдардын иш-аракетинин айынан бузулуп жаткан жер шарынын климатын кантип сактап калабыз?» — деген суроо каралды. Конференцияга дээрлик 38 000 киши, анын ичинде бийликтегилер, окумуштуулар, айлана-чөйрөнү коргогон адистер, жана ишкерлер катышты. Мындан тышкары, он миңдеген башка адамдар жакын жерге коюлган маалымат көргөзмөсүнө барып, жер шарынын климаты жөнүндө көбүрөөк биле алышты. Жахабанын Күбөлөрү конференцияга катышпаса да, айлана-чөйрөнү коргоого кызыкдар. Жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү конференция өткөрүлгөн маалда уюштурулган атайын өнөктүккө катышып, көптөргө жакында жер планетасынын тазаланары жөнүндөгү жакшы кабарды айтышты.

Коомдук унаада кетип бараткан бир Жахабанын Күбөсү Перудан келген, перулуктардын улуттук кийимин кийген бир киши менен сүйлөшүп калган. Тоолуу, кооз өлкөдө жашаган ал кишинин ден соолугу чың болсо да, Жер планетасынын келечегин ойлоп тынчсызданарын айткан. Ыйык Китептеги үмүт берерлик кабар анын жүрөгүн ушунчалык козгогондуктан, уурту жарыла жылмайып, jw.org веб-сайтына кирүүгө чакырган байланыш карточкасын алган.

Ал эми поездде бараткан эки Жахабанын Күбөсү Америкадан келген, айлана-чөйрөнү коргогон бир адис менен маектешип калышкан. Ал Жахабанын Күбөлөрүнүн Уолкиллдеги (Нью-Йорк) эки жаңы имаратын долбоорлоодо, курууда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жакшы чара көргөнү үчүн «Грин Билдинг Инишиатив» уюму тарабынан «Төрт жашыл глобус» сыйлыгын эки жолу алганына аябай таң калган. Ал адис да байланыш карточкасын алган.

Жахабанын Күбөлөрүнүн айлана-чөйрөнү коргоого кызыкдар экенин билгенде көптөр биздин расмий веб-сайтыбызга кирерин айтышкан. Канададан келген бир адис Жахабанын Күбөлөрүнүн Уориктеги (Нью-Йорк) башкы башкармалыгын курууда чыгыш сиалиясы уялаган жерди бузбай, тосуп коюшканы жөнүндө укканда мындай деген: «Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис болгонго чейин орнитолог (канаттуу-куштарды изилдеген адис) болчумун. Жахабанын Күбөлөрүнүн табиятка аяр мамиле жасаарын билбептирмин. Адабияттарыңарды сөзсүз окуп көрөм, расмий веб-сайтыңарга да кирем».