Мазмунун көрсөтүү

Нью-Йоркто индейлер үчүн өткөрүлгөн майрамда жакшы кабар таратылды

Нью-Йоркто индейлер үчүн өткөрүлгөн майрамда жакшы кабар таратылды

Көптөр индейлерди Кошмо Штаттардын алыскы аймактарында жайгашкан резервацияларда эле жашашат деп ойлошот. Анткен менен алардын 70тен ашуун пайызы чоң шаарларда жашашат. 2015-жылдын 5-июнунан 7-июнуна чейин Америка Кошмо Штаттарындагы эң чоң шаар Нью-Йоркто индейлердин «Дарбаза бардык улуттар үчүн ачык» деген майрамы өткөрүлдү. Ал майрам «пау-вау» деп да аталат *. Жахабанын Күбөлөрү ушундай майрамдын өткөрүлөрүн билгенде ал жакка барууну чечишти. Эмне себептен?

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген адабияттарды жүздөгөн тилдерге, анын ичинде индейлер сүйлөгөн блэкфут, дакота, хопи, могавк, навахо, одава, түздүк кри тилдерине которушат. Ошондуктан алар майрам өткөрүлгөн жерге барып, жогоруда саналган тилдердеги адабияттарды үстөлдөргө, сүйрөмө текчелерге коюп, көргөзмө уюштурушкан. Текчелерге «Жаратканга толук ишенсең болот» деген баракча да коюлган.

Биздин расмий веб-сайтыбыздан да ушул тилдердеги аудио-видео материалдарды тапса болот. Жахабанын Күбөлөрү «Дарбаза бардык улуттар үчүн ачык» деген майрамга келген индейлерге ошол аудио-видео материалдарды көрсөтүшкөн. Алар көргөзмөлөрдүн, ырлардын жана башка ушу сыяктуу нерселердин англис жана испан тилдеринде гана экенин айтып, өз эне тилиндеги материалдарды аябай кызыгып көрүшкөн.

Майрамга келгендердин көбү Жахабанын Күбөлөрү адабияттарды индейлердин ушунча көп тилдерине которгонуна эле эмес, шаарларда жана алыскы резервацияларда жакшы кабарды айтып жатышканына баа беришти. Биздин кандай иш жүргүзөрүбүз жөнүндө билгенден кийин ошол майрамды уюштурууга катышкан бир киши Ыйык Китепти изилдегиси келерин айтып: «Эми силерди аябай күтөм. Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгим келет»,— деген.

Жаңдоо тилинде сүйлөгөн бир индей жубайлар көргөзмөнүн жанына келишкен, бирок ал жерде турган Жахабанын Күбөлөрү алар менен сүйлөшө албай кыйналышкан. Так ошол маалда жаңдоо тилин билген дагы бир Жахабанын Күбөсү келип калган. Ал жубайлар менен жарым сааттай сүйлөшүп, Жахабанын Күбөлөрүнүн жаңдоо тилиндеги жыйыны кайсы жерде өткөрүлөрүн айтып берген.

Ошол майрамдагы көргөзмөгө 50дөн ашык Жахабанын Күбөсү катышып, үч күндүн ичинде 150дөн ашык адабият таратышкан.

^ 2-абз. Элдердин тарыхын, маданиятын изилдеген Уильям Поуверс деген окумуштуу азыркы «пау-вау» майрамы жөнүндө: «Бул — динге эч кандай байланышы жок майрам. Майрам учурунда ырлар аткарылып, эркектер, аялдар, балдар улуттук бийлерди бийлешет»,— дейт («Ethnomusicology», 1968-жыл, сентябрь, 354-бет).