Мазмунун көрсөтүү

Кагаз бетине түшүрүлбөгөн котормо

Кагаз бетине түшүрүлбөгөн котормо

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген материалдарды англис тилинен 900дөн ашык тилге которуп келишет. Жазуу түрүндөгү текстти башка тилге которуу оңой эмес иштерден. Бирок жаңдоо тилине которуу кошумча жумушту камтыйт. Кулагы укпаган адамдардын көбү оюн колу менен жаңсап, мимика аркылуу билдирет. Ошондуктан жаңдоо тилине которгондор кагаз бетиндеги текстти видеоматериалга айландырышат. Ушундайча Жахабанын Күбөлөрү адабияттарды 90дон ашуун жаңдоо тилине которуп келишет.

Кимдер которот?

Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын которгон бардык котормочулардай эле, жаңдоо тилине которгондор да которуп жаткан тилди мыкты билишет. Алардын көпчүлүгү — кулагы укпагандар жана балачагынан эле жаңдоо тилинде сүйлөп чоңойгондор же кулагы укса да, үй-бүлө мүчөлөрү жаңдоо тилинде сүйлөгөндөр. Ошондой эле ал котормочулар Ыйык Китепти казып изилдегендерден.

Жаңы келген котормочулар которуу ишинин ыкмаларын окуп-үйрөнүшөт. Эндрю мындай дейт: «Мен кичинекейимен эле кулагы укпагандардын мектебинде окуп, жаңдоо тилинде сүйлөсөм да, которуу ыкмаларын өздөштүргөнүмдүн аркасында гана тилдин грамматикалык түзүлүшүн жакшыраак билип келатам. Башка котормочулар ойду так бере алышым үчүн жаңдоолорумду, мимикаларымды, кыймыл-аракетимди кантип жакшыртсам болорун үйрөтүштү».

Котормонун сапаттуу болушу

Котормочулар топ болуп иштешет. Топтогулардын бири которот, экинчиси тексттин так которулганын, үчүнчүсү грамматикасын текшерип турат. Мүмкүнчүлүк болсо, даярдалган котормонун сапатын ар кандай тектеги, ар кайсы жерден болгон жаңдоо тилин мыкты билген кулагы укпаган адамдар текшеришет. Алар котормо жакшырышы үчүн байкагандарын айтышат. Бул жаңдоолор менен мимикалардын табигый болушуна жана маалыматтын так, түшүнүктүү болушуна шарт түзөт.

Финн жаңдоо тилиндеги котормо топ которула турган текстти талкуулап жатат

Жаңдоо тилине которгондор, адатта, жаңдоо тилинде өткөрүлгөн жыйналыштарга катышышат. Ошондой эле Жахабанын Күбөсү болбогон кулагы укпаган адамдар менен Ыйык Китепти изилдешет. Ушундайча ал котормочулар тилде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, кабардар болуп турушат.

Бразилия жаңдоо тилиндеги котормо видеого жаздырылууда

Эмне үчүн мынчалык көп күч-аракет жумшалат?

Ыйык Китепте үмүт берип, жубаткан кабарга «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдардын кулак кагары жазылган (Аян 7:9). Андай кишилердин ичинде, албетте, жаңдоо тилинде сүйлөгөндөр да бар.

Котормочулар убактысын, шык-жөндөмүн арзырлык ушул ишке арнап жатканына абдан кубанышат. Тони деген котормочу мындай дейт: «Кулагым укпагандыктан мага окшогон адамдардын кандай кыйынчылыктарга туш болорун жакшы билем. Бул мага кулагы укпаган адамдарды таап, Ыйык Китептеги үмүт берерлик кабарды жеткирүүгө колумдан келишинче аракет кылганга түрткү берет».

Жаңдоо тилине которгон топто иштеген Аманда мындай дейт: «Ыйык Китептеги кабар камтылган адабияттарды кулагы укпагандар үчүн которуу зор канааттануу тартуулайт. Мурунку жумушума салыштырмалуу канчалык пайдалуу ишти кылып жатканыма ынанып келем».

Силер сүйлөгөн жаңдоо тилиндеги видеолорду кантип табууга болот?

«Жаңдоо тилиндеги маалыматты издөө» деген макалада jw.org веб-сайтынан жаңдоо тилиндеги видеолорду кантип тапса болору түшүндүрүлөт.