94-ЫР
Кудайдын Сөзү үчүн ыраазыбыз
-
1. Жахаба Атабыз, ыракмат сага
Бергениңе Сөзүңдү баарыбызга.
Рухуң менен жазылган
Ыйык Сөзүң сенин,
Ал аркылуу баалуу билим бересиң.
-
2. Ыйык Сөзүң козгойт жүрөгүбүздү,
Жандан рухту бөлөт, абдан таасирдүү.
Мыйзамдарың жеткилең,
акылды тазартат.
Бизге жетек берет, акылдуу кылат.
-
3. Сенин Ыйык Сөзүң пайдалуу абдан.
Аны биздей эле адамдар жазган.
Ишеним өрчүтүүгө
биз жардам сурайбыз.
Баа жеткис Сөзүңдү абдан баалайбыз.
(Кара: Заб. 19:9; 119:16, 162; 2 Тим. 3:16; Жкп. 5:17; 2 Пет. 1:21.)