Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-ЫР

Жаңы Падышаны даңктайлы

Жаңы Падышаны даңктайлы

(Забур 2:12)

  1. 1. Исанын жана кулдун

    жетекчилиги алдында

    Ар бир элден, улуттан

    адамдар чогултулууда.

    Жакында Иса башкарат,

    Кудайдын эркин аткарат.

    Үмүтүбүз күйүп-жанууда,

    Кубандырып, жубатууда.

    КАЙЫРМА

    Даңктайлы Кудайды! Даңктайлы Исаны!

    Машаяк — баарынын Мырзасы.

    Баш иели ага биримдикте,

    Даңктайлы Падышаны!

  2. 2. Падышабыз Исаны

    шаттанып тосуп алабыз.

    Ал — Тынчтык төрөсү,

    ал аркылуу куткарылабыз.

    Алдыда сонун келечек,

    Өлгөн адамдар тирилет,

    Коркунуч болбойт эч убакта,

    Биз жашайбыз бейкуттукта!

    КАЙЫРМА

    Даңктайлы Кудайды! Даңктайлы Исаны!

    Машаяк — баарынын Мырзасы.

    Баш иели ага биримдикте,

    Даңктайлы Падышаны!