130-ЫР
Кечиримдүү бололу
-
1. Мээримдүү Жахаба
Сүйүктүү Уулун берди.
Өлүмдөн бизди куткарды,
Күнөөбүздү кечирди.
Жахаба ырайым кылат,
Эгер чындап өкүнсөк.
Исанын каны аркылуу
Кечиришин өтүнсөк.
-
2. Кечиримдүү болсок,
Кудай кечирет бизди.
Андыктан боорукер болуп,
Чын дилден кечирели.
Жүрөк ооруткан сөздөрдү
Айтпайлы эч убакта.
Сүйүү, урмат көрсөтөлү
Бир туугандарыбызга.
-
3. Дайым ырайымдуу
Бололу биз баарыбыз.
Ошондо кек сактабайбыз,
Эч кимге таарынбайбыз.
Кудайыбызды туурайлы
Көрсөтүүдө сүйүүнү.
Жахабадан үлгү алып,
Бололу кечиримдүү.