11-ЫР
Жаратылыш Жахабаны даңктайт
(Забур 19)
-
1. Оо, Жахаба, иштериң керемет,
Аларды асман жар салып келет.
Жаратылыш да үнсүз кабарлайт,
Улуу даңкың жер жүзүнө тарайт.
Жаратылыш да үнсүз кабарлайт,
Улуу даңкың жер жүзүнө тарайт.
-
2. Кудайдан коркуу акылман кылат,
Ар бир кадамыбызды багыттайт.
Акыл-насаатың алтындан кымбат,
Жаш-карылар сенден билим алат.
Акыл-насаатың алтындан кымбат,
Жаш-карылар сенден билим алат.
-
3. Маңызга толгон жашообуз биздин,
Жетектелебиз Сөзүңө сенин.
Улуу, ыйык ысымыңды даңктоо —
Теңдешсиз зор сыймык бул жашоодо.
Улуу, ыйык ысымыңды даңктоо —
Теңдешсиз зор сыймык бул жашоодо.
(Кара: Заб. 12:6; 89:7; 144:3; Рим. 1:20.)