Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

fcafotodigital/E+ via Getty Images

Вегандардын жашоо мүнөзү. Ыйык Китепте эмне делет?

Вегандардын жашоо мүнөзү. Ыйык Китепте эмне делет?

 Дүйнө жүзү боюнча веганчылыкка кызыккандардын саны көбөйүп жатат.

  •   «Веганчылык — бул философия жана жашоо мүнөзү. Вегандар жаныбарларды тамак-аш, кийим-кече же башка максатта колдонууга караманча каршы. Ошондой эле аларга кыянат, таш боор мамиле кылынышына мүмкүн болушунча, колдон келишинче бөгөт койгонго аракет кылышат» (Вегандарды коому).

 Айрымдар жаныбарларды ойлогондон сырткары, айлана-чөйрөнү коргоо, ден соолугун жакшыртуу максатында же туткан дини үчүн веган болушат.

  •   «Веганчылык мүнөздөп тамактануудан айырмаланат. Анткени ага кармангандар муну ишеним, моралдык чечим жана ар бир кишинин дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө кошкон салымы катары эсептешет» («Britannica Academic»).

 Веганизм Жер планетабыздагы көйгөйлөрдү чечеби? Ыйык Китепте эмне делет?

Жаратканыбыздын адамдарга жана жаныбарларга болгон көз карашы

 Ыйык Китептен Жаратканыбыздын, Жахаба Кудайдын a, адамдарды жаныбарлардан жогору көрөрүн жана аларга айбанаттардын үстүнөн бийлик бергенин билебиз (Башталыш 1:27, 28). Кийинчерээк Кудай адамдарга жаныбарлардын этин жегенге уруксат берген (Башталыш 9:3). Бирок ал макулуктарга таш боор мамиле кылынышын туура көрбөйт (Накыл сөздөр 12:10).

 Ыйык Китепке ылайык, эт жейби, жебейби, ар ким өзү чечет b. Жейбизби, жебейбизби, бул Кудайдын бизге карата көз карашына таасир этпейт (1 Корунттуктар 8:8). Эч ким башка бирөөнүн эмне жээрине байланыштуу чечимин сындабашы керек (Римдиктер 14:3).

Келечекти жакшыртуунун жолу

 Адамдар тигил же бул жашоо мүнөзүн тандашат. Бирок Ыйык Китептен алардын кандай жашаары дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чечпей турганын билсек болот. Көптөгөн көйгөйлөр бул дүйнөдөгү саясаттан, социалдык жана экономикалык түзүлүштөрдөн тамыр алат. Мындай көйгөйлөрдү эч ким чече албайт. Ыйык Китепте мындай делет:

 Биз туш болуп жаткан кыйынчылыктардын баарын Жараткан Кудай гана чечет. Ыйык Китепте анын эмне кылары каймана тил менен сүрөттөлгөн.

  •   «Анан мен жаңы асман менен жаңы жерди көрдүм. Анткени мурунку асман менен мурунку жер жок болду, деңиз да жок болду» (Аян 21:1).

 Кудай адамдар түзгөн өкмөттөрдү, тагыраак айтканда, «мурунку асманды» өзүнүн өкмөтүнө, асмандагы Падышалыгына, алмаштырат. Анын Падышалыгы «мурунку жерди», башкача айтканда, ыймансыздарды жок кылып, «жаңы жердин» — анын бийлигине баш ийип жашагысы келгендердин — үстүнөн башкарат.

 Бир гана Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында адамдар табият менен таттуу мамиледе болуп, жаныбарларга аяр мамиле кылганды үйрөнүшөт (Ышая 11:6—9).

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).

b Ыйык Китепте: «Канды колдонуудан... качкыла»,— деген буйрук жазылган (Элчилер 15:28, 29). Бул канды ичпешибиз, каны агызылбаган этти же кан кошулган тамактарды жебешибиз керектигин билдирет.