Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кириш сөз

Кириш сөз

«Ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардан үлгү алгыла» (ЕВРЕЙЛЕР 6:12).

1, 2. Бир эже кыдыруучу көзөмөлчү жөнүндө эмне деген жана эмне үчүн Ыйык Китептеги инсандар бизге жакшы дос боло алышат?

«АЛ ЫЙЫК КИТЕПТЕ айтылган кишилер жөнүндө өзүнүн эски досторундай кылып айтып берет». Бул сөздөрдү бир эже жашы өр тартып калган кыдыруучу көзөмөлчүнүн баяндамасын уккандан кийин айткан. Ооба, ал эже таамай айткан. Анткени ал көзөмөлчү Кудайдын Сөзүн ондогон жылдар бою изилдеп, анын негизинде окутуп келгендиктен, Ыйык Китептеги ишеними күчтүү инсандар анын ынак досторундай эле болуп калган.

2 Сен да ошол сонун кишилер менен дос болгуң келеби? Алардын чынында эле жашаганына ишенесиңби? Нух, Ыбрайым, Илияс пайгамбарлар жана Рут, Эстерлер менен чогуу сейилдеп, пикир алышып, жакыныраак таанышып жатканыңды элестетсең. Алардын даанышман кеп-кеңештерди айтканы, кубаттап-бекемдегени сага кандай таасир этери жөнүндө да ойлонуп көрсөң. (Оку: Накыл сөздөр 13:20.)

3. а) Байыркы убакта жашаган ишенимдүү кишилерден көп нерсеге үйрөнүш үчүн эмне кылышыбыз керек? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Албетте, «адил адамдар» тирилгенде, биз алар менен сөздүн түз маанисинде достошобуз (Элч. 24:15). Анткен менен азыртан эле алар жөнүндө көбүрөөк билип, көп нерсеге үйрөнө алабыз. Кантип? Элчи Пабыл бул суроого: «Ишеними менен чыдамдуулугунун аркасында убадаларды алгандардан үлгү алгыла»,— деп жооп берет (Евр. 6:12). Анда ишеними күчтүү инсандар жөнүндө изилдээрден мурун төмөнкү суроолорду карап чыгалы. Ишеним деген эмне? Аны эмне үчүн өрчүтүшүбүз керек? Байыркы убакта жашаган ишеними күчтүү кишилерден кандай үлгү алсак болот?

Ишеним деген эмне жана аны эмне үчүн өрчүтүшүбүз керек?

4. Көптөр ишеним жөнүндө кандай жаңылыш ойдо жана бул эмне үчүн туура эмес?

4 Ишеним — баалуу сапат. Бул китепте кеп кылынган инсандар аны жогору баалашкан. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көптөр ишеним деген эмне экенин жакшы билишпейт жана ал жүйөлүү далилдерге негизделиши керек деп эсептешпейт. Бирок алар жаңылыш ойлошот. Себеби ишеним — бул ишенчээктик эмес, жөн гана сезим да эмес жана ал бир нерсеге ишенип коюудан да көптү билдирет. Ишенчээк болуу кооптуу, сезим болсо бүгүн бар, эртең жок. Кудайдын бар экенине ишенип коюунун өзү да жетишсиз, анткени «буга жиндер да ишенишет жана коркконунан калтырап-титиреп турушат» (Жкп. 2:19).

5, 6. а) Ишенимибиз кайсы эки нерсеге негизделген? б) Ишенимибиз канчалык күчтүү болушу керек? Мисал менен түшүндүргүлө.

5 Ооба, ишеним өз ичине көп нерсени камтыйт. Ыйык Китепте ага карата аныктама берилген. (Оку: Еврейлер 11:1.) Элчи Пабыл ишенимдин биз көрө албаган эки нерсеге негизделерин айткан. Биринчиден, ал «көрүнбөгөн нерселерге» негизделет. Мисалы, биз рухий чөйрөнү, Жахабаны, анын Уулун жана Кудайдын учурда бийлик жүргүзүп жаткан Падышалыгын көрө албайбыз. Экинчиден, ишеним биз үмүттөнгөн, бирок азырынча аткарыла элек нерселерге негизделет. Алсак, Кудайдын Падышалыгы алып келе турган жаңы заманды азырынча көрө албайбыз. Ушундан улам көрүнбөгөн, үмүттөнгөн нерселерге болгон ишенимибизди негизсиз деп айтууга болобу?

6 Албетте, жок. Элчи Пабыл чыныгы ишенимдин бекем пайдубалга негизделерин жазган. Анын «үмүттөнгөн нерселерди негиз бар болгондуктан күтүү» деген сөздөрү «адамдын мүлккө ээ болууга укуктуу экенин тастыктаган документ» деген маанини да туюнтат. Кимдир бирөөнүн сага үйдү белекке бергени жатканын элестетсең. Ал колуңа үйдүн документин тапшырып: «Мына, бул сенин үйүң болот»,— дейт. Бул, албетте, сенин ошол документтин ичинде жашай турганыңды билдирбейт. Ал документ юридикалык күчкө ээ болгондуктан, документти колго алганыңдын өзү эле үйгө ээ болгонуңду билдирет. Анын сыңарындай, ишенимибиз ушунчалык күчтүү далилдерге негизделгендиктен, биз үмүттөнгөн нерселерибизге ээ болгондой эле болобуз.

7. Чыныгы ишеним өз ичине эмнени камтыйт?

7 Демек, чыныгы ишеним Жахабага болгон бекем үмүткө жана анын сапаттары менен улуу иштери жөнүндөгү билимге негизделет. Ишенимдин аркасында биз Жахабаны мээримдүү Ата катары көрүп, анын убадаларынын сөзсүз аткарыларына шектенбейбиз. Бирок чыныгы ишеним өз ичине мындан да көптү камтыйт. Аны өсүмдүктү сугаргандай сугарып турбасак, соолуп калат. Башкача айтканда, ал иштер менен коштолбосо, өлүп калат (Жкп. 2:26).

8. Ишеним өрчүтүү эмне үчүн маанилүү?

8 Ишеним өрчүтүү эмне үчүн маанилүү? Бул суроонун жообу элчи Пабылдын сөздөрүндө камтылат. (Оку: Еврейлер 11:6.) Ишенимибиз болбосо, биз Кудайга жага албайбыз, аны менен ынак мамиле түзө да албайбыз. Демек, аң-сезимдүү жаратуулар катары эң негизги, баарынан маанилүү милдетибизди аткарууну кааласак, тагыраак айтканда, асмандагы Атабыз менен ынак мамиле өрчүтүп, аны даңктагыбыз келсе, ишеним өрчүтүшүбүз зарыл.

9. Жахабанын бизге ишеним абдан керек экенин жакшы түшүнөрүн кайдан билебиз?

9 Жахаба бизге ишенимдин канчалык керек экенин жакшы билгендиктен, ал сапатты өрчүтүүгө жардам берип келет. Мисалы, ал бизге жетекчиликти колго алган ишенимдүү кишилерди берген. Анын Сөзүндө: «Алардыкындай ишенимге ээ болгула»,— деп айтылат (Евр. 13:7). Андан тышкары, Ыйык Китепке байыркы убакта жашаган, ишеним көрсөтүү жагынан мыкты үлгү калтырган «көп күбөлөр» жөнүндө жаздырып койгон (Евр. 12:1). Ал «күбөлөрдүн» айрымдары жөнүндө Еврейлер китебинин 11-бөлүмүнөн окууга болот. Ыйык Китепте жаш курагы, жагдай-шарты ар кандай болгон ишеними күчтүү инсандар тууралуу дагы башка көптөгөн билдирүүлөр бар. Кудайдын азыркы ыймансыз дүйнөдө жашап жаткан кызматчылары алардан көп нерсеге үйрөнө алышат.

Ишеними күчтүү инсандардан кандай үлгү алсак болот?

10. Ыйык Китепте жазылган инсандардан үлгү алууга өздүк изилдөө кандайча жардам берет?

10 Эгер кимдир бирөөнү жакшы билбесек, аны туурай албайбыз. Бул китепти окуп жатканда Ыйык Китептеги инсандар жөнүндө көбүрөөк биле алышың үчүн, терең изилдөө жүргүзүлгөнүн байкайсың. Билимиңди арттырыш үчүн өзүң да кошумча изилдөө жүргүзсөң болот. Өздүк изилдөө өткөрүп жатканда колдо бар адабияттарды колдонуп, Ыйык Китепти казып оку. Окуя кайсы жерде, кандай жагдайда болгону тууралуу ой жүгүрт. Дабыштарды угуп, жыттарды сезип, окуп жаткандарыңды көз алдыңа айкын элестет. Андагы кишилердин сезимдерин туюп, алар менен кошо кубанып, кошо кайгыр. Ошондо алар сен үчүн тирүү инсанга айланып, эң жакын досторуңан болуп калат.

11, 12. а) Ыбрайым пайгамбар менен Саараны канткенде көбүрөөк түшүнө аласың? б) Аннадан, Илияс, Шемуел пайгамбарлардан эмнеге үйрөнө аласың?

11 Ишеними күчтүү инсандарды канчалык көп туурасаң, аларды ошончолук көбүрөөк түшүнө баштайсың. Мисалы, сенден аксакалдар жарчылар көбүрөөк керек болгон жерге көчүп барууну же кызматтын мурун катышып көрбөгөн түрүнө катышууну суранып калды дейли. Ошол туурасында ойлонуп, тиленип жатканда Ыбрайым пайгамбар жөнүндө ой жүгүртүп көр. Саара экөө гүлдөгөн Ур шаарын калтырып, Жахаба айткандай кылганы үчүн мол бата алышкан. Ыбрайым пайгамбар менен Саараныкындай иш-аракеттерди кылсаң, аларды мурдагыдан да көбүрөөк түшүнө баштайсың.

12 Ал эми кимдир бирөө сага жаман мамиле кылып, көңүлүңдү оорутса, эмне кыласың? Жыйналышка барбай коёсуңбу? Пенинанын кордугуна карабай Кудайга кызмат кыла берген Анна жөнүндө ой жүгүртсөң, акылдуулук менен иш кыласың жана Анна менен жакын дос болуп каласың. Өзүңдү эч нерсеге татыксыз сезип жатсаң, Илияс пайгамбардын оор жагдайда Жахабага жалынып-жалбарганы жана Жахабанын аны жубатып-бекемдегени жөнүндө терең изилдесең, анын сезимдерин көбүрөөк түшүнүп каласың. Эгер мектепте окусаң, Эйлинин ыйык чатырда кызмат кылган бузулган уулдарынын терс таасирине алдырбаган Шемуел жөнүндө изилдөө сага Кудайдын мыйзамын баркка албаган классташтарыңдын кысымына туруштук берүүгө жардам берет.

13. Ишеними күчтүү инсандарды туурап жатканың үчүн Жахаба сени азыраак баалап калабы?

13 Ишеними күчтүү инсандарды туурап жатканың үчүн Жахаба сени азыраак баалап калабы? Албетте, жок. Кудайдын Сөзү бизди алардан үлгү алууга чакырат (1 Кор. 4:16; 11:1; 2 Тес. 3:7, 9). Ыйык Китептеги биз туурашыбыз керек болгон кишилердин айрымдары да башка бирөөлөрдү туураган. Маселен, бул китептин 17-бөлүмүнөн Мариямдын Аннадан үлгү алганын, Кудайдан тиленгенде Аннаныкындай сөздөрдү айтканын билебиз. Ошондон улам Жахаба Мариямды азыраак баалап калган эмес. Аннадан үлгү алгандыктан Мариям ишенимин өрчүтүп, Жахаба менен ынак мамиледе болгон.

14, 15. Бул китептин кандай өзгөчөлүктөрү бар жана аны кантип натыйжалуу колдонсок болот?

14 «Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла» деген китеп сенин ишенимиңди бекемдөө максатында чыгарылды. Бул китеп «Күзөт мунарасына» 2008-жылдан 2013-жылга чейин чыккан «Ишенимдин үлгүсү» деген рубрикадагы макалалардын жыйындысынан турат. Бирок ага жаңы маалыматтар да кошулду. Анда талкуулоого жана жазылгандарды иш жүзүндө колдонууга көмөк көрсөтө турган суроолор да бар. Атайын ушул китеп үчүн көптөгөн кооз сүрөттөр тартылды, ал эми мурунку сүрөттөрдүн айрымдары жакшыртылып, чоңойтулду. Ошондой эле убакыт-мөөнөттү көрсөткөн тилке жана карта кошулду. Бул китеп өздүк изилдөөдө, үй-бүлөлүк изилдөөдө жана Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүндө колдонуу үчүн чыгарылды. Үй-бүлөлөр аны жөн эле чогуу үн чыгарып окуса да болот.

15 Бул китеп сага байыркы убакта жашаган ишеними күчтүү инсандардан үлгү алууга жана ишенимиңди өрчүтүп, Жахаба менен болгон мамилеңди бекемдөөгө жардам бере берсин.