Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

Иса Машаяктан эмнеге үйрөнө алабыз?

Иса Машаяктан эмнеге үйрөнө алабыз?

КУДАЙ Машаяктын бардык элдерге Жол башчы болорун алдын ала айткан. Жахаба Кудай адамдарга кандай жол башчы керек экенин жакшы билет, ошондуктан эң мыкты Жол башчыны дайындаган. Алла-таала дайындаган Жол башчы күчтүү аскердин башчысы, ишкердүү саясатчы же акылдуу ойчул болгонбу? Жок, Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык, ал башка пайгамбарлардан айырмаланган Иса Машаяк болгон (Матай 23:10).

Кудай Исанын жеткилең, ыйык болуп төрөлүшүнө кам көргөн. Кийинчерээк Шайтан Иса пайгамбарды бир нече жолу азгырганда, ал азгырылган эмес. Иса пайгамбар сөзү менен да, иши менен да Кудайдын сапаттарын: күчүн, адилеттүүлүгүн, акылмандыгын жана сүйүүсүн жеткилең түрдө чагылдырган. Эмесе, андан эмнеге үйрөнсөк болоруна токтололу.

Иса башкаларга жардам бергенден өзүн аяган эмес

Кудайдан алган күчүн башкаларга жардам берүү үчүн колдонгон. Иса пайгамбар адамдарга чын ыкластан кам көрүп, аларга жардам бергенден күчүн аяган эмес. Ал: «Элге боорум ооруп жатат, себеби... жегенге да эчтекеси жок»,— деген (Марк 8:2). Анан керемет жасап, анын сөзүн угуш үчүн келген калың элдин курсагын тойгузган.

Ошондой эле ал жер кыдырып элди окуткан жана аларды «ар кандай оору-дарттарынан» айыктырган (Матай 4:23). Жоон топ элдин анын артынан ээрчип жүргөнү таң калыштуу эмес, анткени Инжилде: «Исадан чыккан күчтүн таасири менен баары айыгып жаткандыктан, бардыгы ага колун тийгизүүгө умтулуп жатышты»,— делет (Лука 6:19). Ооба, Иса пайгамбар «өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген» (Матай 20:28) *. Адамдар шайлаган жол башчылардын кимиси ушундай кылды эле?

Иса пайгамбар балдарды жакшы көргөн

Адилеттүү болгон. Иса пайгамбар Кудайдын мыйзамдарына бек карманып, аларды так аткарган. Ал Забур китебинде айтылган: «Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам, мыйзамың менин жүрөгүмдө»,— деген сөздөргө ылайык иш кылган (Забур 40:8). Иса пайгамбар бай-кедей, эркек-аял, чоң-кичине дебей, адамдардын баарына бирдей мамиле кылып, алардын кадыр-баркын сыйлаган. Бир жолу анын шакирттери балдарын алып келген ата-энелерди урушканда, ал: «Балдарды мага коё бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышалыгы ушуларга окшогондорго таандык»,— деп айткан (Марк 10:14).

Акылман болгон. Иса пайгамбар адамдардын «жүрөгүн көрүп тургандыктан» аларды аябай жакшы түшүнгөн (Жакан 2:25). Бир жолу душмандары аны кармап келиш үчүн кишилерди жибергенде, алар: «Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»,— деп айтып келишкен. Иса пайгамбар эмне үчүн акылман болгон? Ал: «Мен үйрөткөн окуулар меники эмес, мени жибергендики»,— деген (Жакан 7:16, 46).

Иса боору ачыгандыктан оорулууларды айыктырган

Адамдарды сүйгөн. Иса пайгамбар адамдарды ушунчалык сүйгөндүктөн аларга боору ооруган. Бир жолу «бүт денесин пес оорусу каптаган бир киши» келип: «Мырзам, эгер кааласаң, мени айыктыра аласың»,— деп жалбарганда, «Исанын боору ооруп, ага колун тийгизген», анан: «Каалайм. Айык»,— деген. Ошондо ал киши «пес оорусунан айыгып, таза болуп калган» (Лука 5:12, 13; Марк 1:41, 42). Ооба, ал пес оорулуу кишиге чындап боору ооруп, аны айыктыргысы келген.

Иса пайгамбар силерге да кам көрөт, анткени ал: «Мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, баарыңар мага келгиле. Мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мүнөзүм жумшак, жүрөгүм момун. Ошондо жаныңар сергийт»,— деп айткан (Матай 11:28, 29).

Арийне, Иса Машаяк — эң мыкты Жол башчы. Ал бардык адамдарды: «Менден үйрөнгүлө»,— деп чакырып жатат. Силер анын айтканына кулак кагасыңарбы? Эгер ошентсеңер, түбөлүк өмүр сүрөсүңөр.

^ Кун тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китебинин 27-бөлүмүн карагыла.