Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-СУРОО

Көрсөтмөлөр каяктан келген?

Көрсөтмөлөр каяктан келген?

Сырткы келбетиң эмне үчүн ушундай деп ойлойсуң? Көзүңдүн, чачыңдың, териңдин түсүнө эмне таасир эткен? Ал эми салмагың, дене түзүлүшүң, атаңа же энеңе окшош болгонуң тууралуу эмне айтууга болот? Эмне үчүн манжаларыңдын бир жагы жумшак, бир жагы катуу?

Чарлз Дарвиндин күндөрүндө бул суроолордун жообу сыр болчу. Дарвинди окшоштуктардын муундан муунга кандайча тукум кууй турганы ойлондурган. Ал генетика мыйзамы тууралуу аябай эле аз билчү. Ал эми тукум куучулукту жөнгө салган клеткадагы механизмдер тууралуу андан да аз билген. Бүгүнкү күндө болсо биологдор ондогон жылдардан бери адамдын генетикасын, ДНК деп аталган молекуланын ичиндеги майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлгөн көрсөтмөлөрдү, изилдеп жатышат. Анда: «Ал көрсөтмөлөр каяктан келген?» — деген суроо туулат.

Көптөгөн окумуштуулар кандай ой-пикирде? Биологдор менен башка окумуштуулардын көбү ДНК менен анын коддолгон көрсөтмөлөрү миллиондогон жылдар бою өзүнөн өзү өрчүп отуруп пайда болгон дешет. Алар бул молекуланын түзүлүшүн, анда сакталган жана башка жакка жөнөтүлгөн маалыматты, ошондой эле анын функцияларын аң-сезимдүү кимдир бирөө жаратканына эч кандай далилдер жок деп айтышат17.

Ыйык Китепте эмне делет? Ыйык Китепте дененин бөлүктөрү, атүгүл алардын качан өрчүй баштаары Кудайдын каймана маанидеги китебинде жазылганы айтылат. Мисалы, Дөөтү пайгамбар ыйык рухтун жетеги менен мындай деп жазган: «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү, алардын качан калыптанары бири да пайда боло электе эле китебиңе жазылып коюлган» (Забур 139:16).

Далилдер эмнени көрсөттү? Эгер эволюция теориясы чын болсо, анын ДНК кокустуктан пайда болгон деген түшүндүрмөсү акылга сыярлык болушу керек. Ал эми Ыйык Китепте жазылгандар чын болсо, анда анын ДНКны Кудай жараткан деген түшүндүрмөсү төгүндөлгүс далилдерге негизделиши керек.

Жалпак тил менен түшүндүргөндө, ДНКнын түзүлүшү жөнөкөй, ошол эле учурда таңдандырарлык. Эмесе, клеткага дагы бир жолу саякаттап келели. Бирок мунусунда адамдын клеткасына барабыз. Клетканын кантип иштей турганы көрсөтүлгөн чоң музейге барганыңды элестетсең. Ал музейди болжол менен 13 000 000 эсе чоңойтулган адамдын клеткасынын үлгүсү деп коёлу. Анын чоңдугу 70 000дей киши бата турган стадиондукундай чоң.

Музейге кирип, аябай таң калып туруп каласың. Ал түзүлүшү, формасы бири-бириникинен айырмаланган ар кандай «экспонаттарга» жык толгон. Клетканын орто ченинде шар түрүндө ядро жайгашкан. Анын бийиктиги 20 кабаттуу имараттыкына барабар. Сен ага жакын басып барасың.

ДНКнын таңгакталып ядрого батышы — инженерия тармагындагы укмуш жетишкендик. Муну 40 километр ичке жипти теннис тобуна батырганга окшоштурса болот

Анан ядрого «эшиги» — мембранасы — аркылуу кирип, эки жагыңды карайсың. Анын ичинин көп бөлүгүн 46 хромосома ээлеп турат. Узундугу ар кандай болгон ал хромосомалар жуп-жуп болуп турушат. Сага жакын турган жуптун бийиктиги 12 кабаттуу имараттай (1). Ар бир хромосома орто жеринен ичкерип кеткендиктен, бириктирилген сосискаларга окшошуп кетет. Бирок анын жоондугу килейген бактын сөңгөгүндөй. Хромосомалар эшилген аркан менен оролуп тургандай көрүнөт. Жакыныраак барсаң, туурасынан кеткен ар бир аркандын узунунан кеткен сызыктар менен бөлүнгөнүн көрөсүң. Ал сызыктар болсо туурасынан кеткен майда сызыктар менен бөлүнгөн (2). Булар эмнелер? Таңгакталган китептерби? Жок. Алар кыдырата тизилген илмектердин сырты. Алардын бирөөнү тартсаң, сөгүлүп кетет. Ар бир илмектин бири-бирине кынала жайгашкан майда оромдордон (3) турарын көрүп таң каласың. Оромдордун ичинде аябай узун жипке окшош негизги нерсе жайгашкан. Ал эмне?

КЕРЕМЕТТҮҮ МОЛЕКУЛАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

Хромосоманын ушул бөлүгүн жип деп атап коёлу. Анын жоондугу болжол менен 2,6 сантиметр. Ал чөлмөктөргө (4) тыгыз түрүлгөн. Чөлмөктөр көзгө көрүнбөгөн нерсени курчай тизиле берет. Ошонун аркасында алар чачырап кетпей, кармалып турат. Ал «экспонаттын» жанындагы экранда мунун дыкаттык менен таңгакталганы жазылган. Ар бир хромосомадагы жипти бириктире турган болсок, Жер планетасынын жарымын курчаганга жетмек *.

Бир илимий эмгекте бул таңгактоо системасы «инженерия тармагындагы эң чоң жетишкендик» деп айтылган18. Сенин оюңча, мындай кереметтүү системанын өзүнөн өзү пайда болуп калышы акылга сыярлыкпы? Эгер ошол музейде миллиондогон товарлары бар чоң дүкөн бар болсо жана сага керектүү буюмду оңой таба алышың үчүн алар иреттүү тизилген болсо, баары өзүнөн өзү тыпырайып туруп калган деп ойлойт белең? Албетте, жок. Бирок дүкөндөгү мындай иреттүүлүк укмуш деле жетишкендик эмес.

Музейдеги экранда ал жипти кармап көрсөң болору жазылган. Аны колуңа алып, жакындан карасаң (5), жөнөкөй жип эмес экенин байкайсың. Ал бири-бирине оролгон кош жиптен турат. Жиптер аралыктары бирдей кичинекей таякчалар менен бириккен. Ал кош жип аркандан жасалган буралма шатыга (6) окшош. Анан эмнени кармап турганыңды түшүнөсүң: колуңдагы жип — ДНК молекуласы. Ал — тиричиликтин келип чыгышына байланышкан жашыруун сырлардын бири!

Көзгө көрүнбөгөн нерсени курчай тизилген, чөлмөктөргө оролгон ДНК молекуласы хромосоманы түзөт. Шатынын жупташкан майда таякчалары (7) ДНКнын өзөгүн түзөт. Алар кандай кызмат аткарат? Кандай пайдасы бар? Экрандагы жазуу муну жөнөкөй тил менен түшүндүрөт.

МААЛЫМАТТЫ САКТАГАН ТЕҢДЕШСИЗ СИСТЕМА

Экранга мындай деген жазуу чыгат: «ДНКнын сыры шатынын эки тарабын туташтырып турган майда таякчаларда катылган». Шатынын экиге ажыраганын элестетсең. Ар бир тарабында жарым таякчалар орун алган. Таякчалардын төрт эле түрү болот. Окумуштуулар аларды А, Т, Г, Ц тамгалары менен белгилейт. Алар ал тамгалардын жайгашкан ирети коддолгон маалыматты камтый турганын билгенде аябай таң калышкан.

Балким, сен Морзе алиппеси жөнүндө уккандырсың. Аны адамдар 19-кылымда телеграф аркылуу байланышуу үчүн ойлоп тапкан. Ал 2 «тамгадан» — чекит менен тиреден — турат. Бирок аларды колдонуп, чексиз сөздөрдү жана сүйлөмдөрдү түзсө болот. Ал эми ДНК төрт тамгалуу коддон турат. А, Т, Г, Ц деген ал тамгалардын жайгашкан тартиби кодондор деп аталган «сөздөрдү» түзөт. Кодондор болсо гендер деп аталган «абзацтарды» түзөт. Ар бир генде, орто эсеп менен, 27 000 тамга бар. Ал гендер жана алардын ортосундагы аралыктар «бөлүмдөрдү» түзөт. Бөлүмдөр ар бир хромосоманы билдирет. «Китеп» — геном — түзүлүшү үчүн, 23 хромосома талап кылынат. Геном организм жөнүндөгү генетикалык толук маалыматты билдирет *.

Геном килейген китептей. Ага канча маалымат батат? Баарына белгилүү болгондой, адамдын геному, ДНК шатысындагы 3 миллиардга жакын жупташкан таякчалардан түзүлөт19. Ар бир тому 1 000ден ашык беттен турган энциклопедиялардын жыйындысын элестетсең. Бир геномдогу маалымат ошондой томдордун 428не барабар. Ар бир клеткадагы геномдун экинчи көчүрмөсүн кошкондо 856 том болмок. Геномдогу маалыматты терип жазыш үчүн өргүү албай 80 жылдай толук күн иштемексиң.

Маалыматтын баарын терип бүткөндөн кийин аларды денеңдеги 100 триллион клетканын ар бирине батыра албасаң, эмгегиңдин баары текке кетмек. Мындай көлөмдүү маалыматты клеткага батырыш үчүн кысып кичирейтүү адамдын колунан келбейт.

Молекулярдык биология жана компьютердик технология боюнча бир профессор мындай деген: «Көлөмү болжол менен бир куб сантиметрди түзгөн кургатылган 1 грамм ДНК 1 триллиондой CD [компакт дисктеги] маалыматты сактай алат»20. Бул эмнени билдирет? ДНК гендерди, башкача айтканда, адамдын денесин түзүш үчүн зарыл болгон көрсөтмөлөрдү камтый турганын эстесең. Ар бир клеткада майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлгөн көрсөтмөлөр бар. ДНКдагы маалымат ушунчалык жыш жайгашкан. Анын бир чай кашыкка барабар өлчөмү жер жүзүндөгү адамдардын санынан 350 эсе көп адамдарды жаратканга жетмек! Ал эми учурда жер жүзүндө жашап жаткан 7 миллиард адамды жаратыш үчүн анын үстүндөгү катмары эле жетиштүү болмок21.

КИТЕПТИН АВТОРУ БАРБЫ?

Бир эле грамм ДНКда триллион компакт дискке бата тургандай көп маалымат бар

Бүгүнкү күндө маалымат сактаган каражаттарды мүмкүн болушунча кичирейтип жасаганга аракет кылып жатышат. Бирок алардын бири да ДНКга тең келбейт. Ошентсе да компакт дисктер ылайыктуу мисал боло алат. Бул тууралуу ойлонуп көрсөң: компакт дисктин тегерек формасы, күзгүдөй жалтырак бети, чакан көлөмү кимди болбосун таң калтырат. Аны акылдуу бирөө жасаганы айдан ачык. Анда сакталган маалымат пайдасыз, баш аламан эмес. Тескерисинче, кайсы бир татаал жабдыкты чогултуу, оңдоп-түзөө боюнча так көрсөтмөлөрдү камтыйт. Андагы маалымат дисктин салмагына же көлөмүнө таасир этпейт. Ырас, дисктин өзгөчөлүгү ушунда. Китептин автору бар болгон сыңары, дискте жазылган көрсөтмөлөрдү да аң-сезимдүү бирөө жазган, чынбы?

ДНКнын компакт дискке же китепке салыштырылганы эң эле ылайыктуу. Геном жөнүндө жазылган бир эмгекте мындай делет: «Геномдун китепке салыштырылышы метафора эмес. Анын өзүн китеп деп айтса болот. Негизи, китепте маалымат сакталат... Геном тууралуу да ушуну айтууга болот». Автор андан ары: «Геном аябай акылдуу китеп. Себеби ал өзүнүн көчүрмөсүн жасай алат жана өзүн-өзү окуй алат»,— деп кошумчалаган22. Бул ДНКнын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгүн көрсөтүп турат.

МЕХАНИЗМДЕРДИН ИШТЕШИ

Ядронун ичи тыптынч болгондуктан ал жакта эч нерсе иштебегендей сезилет. Анан эле төрт бурчтук айнектин ичинен дагы бир «экспонатты» — ДНКнын бир бөлүгүнүн үлгүсүн — көрөсүң. Анын үстүндө «Көрүш үчүн басыңыз» деген жазуу бар. Аны басканда, баяндоочу мындай деп сүйлөй баштайт: «ДНК, бери дегенде, эки маанилүү иш аткарат. Биринчиси, репликация (эки эселенүү). Ар бир жаңы клеткада генетикалык маалыматтын толук көчүрмөсү болуш үчүн, ДНКнын көчүрмөсү жасалышы керек. Анын кантип жасаларын көрөлү».

Анан төрт бурчтук айнектин эшигинен татаал түзүлүштөгү машине пайда болот. Ал бири-бирине бириккен роботтордон турат. Анан ДНКга тутатышып, поезддей болуп «темир жол» — ДНК — менен жүрө баштайт. Ушунчалык катуу ылдамдык менен жүргөндүктөн, анын эмне кылып жатканын көргөнгө жетишпей каласың. Ал өтүп кеткенден кийин, ДНКнын толугу менен бүткөн эки жиби пайда болуп калганын эле көрөсүң.

Баяндоочу муну мындай деп түшүндүрөт: «Бул — ДНКнын репликациясынын жөнөкөйлөтүлүп көрсөтүлүшү. Ферменттер деп аталган молекулярдык механизмдердин тобу ДНК менен жүрө баштайт. Адегенде алар ДНКны экиге ажыратат. Андан соң кош жип жасаш үчүн экиге бөлүнгөн шатынын ар бир бөлүгүн үлгү катары колдонот. Тилекке каршы, механизмдердин баарынын кантип иштээрин көрүү мүмкүн эмес. Мисалы, репликация кылган машиненин алдында жүрүп турган кичинекей механизмдин кантип иштей турганын, анын ДНК шатысын кантип экиге бөлөрүн, ал жиптер өтө катуу оролуп калбашы үчүн эмне кыларын көрө албайсың. Ошондой эле ДНКнын кандайча бир нече жолу текшерүүдөн өтөрүн көрсөтүп бере албайбыз. Кандай болбосун, каталар аныкталып, укмуштуудай тактык менен оңдолот». ( 16, 17-беттеги кутуча менен сүрөттү кара.)

Баяндоочу сөзүн мындай деп улайт: «Бирок анын ылдамдыгын көрсөтүп бере алабыз. Ал „поезддин“ аябай тез жүрөрүн байкадыңбы? Ферменттер ДНКнын „темир жолу“ менен секундасына 100 таякча басып өтүшөт23. Эгер ДНКнын „жолу“ кадимки темир жолдун көлөмүндөй болсо, ал „поезд“ саатына 80ден ашуун чакырым ылдамдыкта жүрмөк. Ал эми бактерияларда репликация кылган машинелер мындан он эсе тез жүрөт! Адамдын клеткасындагы ДНКнын темир жолунун ар кайсы бөлүктөрүндө репликация кылган жүздөгөн ушундай машинелер өз кызматын аткарышат. Алар геномдун көчүрмөсүн сегиз саатта эле жасап коюшат»24. (20-беттеги « Окуса, көчүрсө боло турган молекула» деген кутучаны кара.)

ДНК КАНТИП «ОКУЛАТ»?

Репликация кылган машине кетет да, ордуна башка машине келет. Ал да ДНК менен жүрөт, бирок ылдамдыгы жайыраак. Сен ал машиненин ДНК шатысынын бир жагынан кирип, экинчи жагынан эч өзгөрбөй чыкканын байкайсың. Анан башка жагынан шатынын жарым бөлүгү чубалып чыгып жатканын көрөсүң. Эмне болуп жатат деп ойлойсуң?

Баяндоочу кайрадан түшүндүрө баштайт: «ДНКнын экинчи кызматы транскрипция деп аталат. ДНК эч качан ядродон чыкпайт. Анда ДНКдагы гендер — сенин организмиңди түзгөн бардык белоктордун көрсөтмөлөрү — кантип окулат жана колдонулат? Бул үчүн атайын ферменттик машине бар. Ал ДНКдагы гендин белгиленген жерлерин табат. Ал белгилерге ядронун сыртынан келген химиялык сигналдар таасир этет. Анан ал машине РНК (рибонуклеин кислотасы) деп аталган молекуланы колдонуп, гендин көчүрмөсүн жасайт. РНК ДНК шатысынын жарым бөлүгүнө окшошуп кетсе да, андан таптакыр айырмаланат. Анын кызматы — гендердеги коддолгон маалыматтарды чогултуу. РНК ал маалыматты ферменттик машинеге киргенде алат. Андан кийин ядродон чыгып, рибосомалардын бирине жеткирет. Ал жерден маалымат белокту куруш үчүн колдонулат».

Ушул процесстердин баарын көргөндө таңыркап туруп каласың. Сен бул музейге, андагы машинелерди долбоорлоп, кургандардын чеберчилигине таң бересиң. Музейдеги «экспонаттардын» баарынын: адамдын организминдеги миңдеген процесстердин бир учурда иштеп жатканы көрсөтүлсө, бул кандай гана укмуш көрүнүш болмок!

Бул тууралуу ойлонуп көрсөң: азыркы тапта сенин организмиңдеги 100 триллион клеткалардын ичинде кичинекей, ошол эле учурда татаал машинелер ушул процесстерди жүргүзүп жатат. ДНКаң окулуп, көрсөтмөлөрдү даярдап берип жатат. Ал көрсөтмөлөр денеңди түзгөн 100 миңдеген белокторду курганга жардам берет. Белоктор болсо ферменттерди, ткандарды, органдарды жана башка нерселерди жасайт. Так азыркы учурда денеңдеги ар бир клеткаң жаңы көрсөтмөнүн топтомун алыш үчүн, ДНКаң көчүрүлүп, анын каталары текшерилүүдө.

БУЛ ДАЛИЛДЕР ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

«Бул көрсөтмөлөрдүн баары каяктан келген?» — деген суроого кайрадан токтололу. Ыйык Китепте көрсөтмөлөр камтылган бул «китептин» Автору бар экени айтылат. Мындай көз караш эскирип калганбы? Ал илимге шайкеш келеби?

Кандай деп ойлойсуң, сен азыр эле саякатка барган музейди адамдар кура алабы? Курганга аракет кылышса, окшоштура албай кыйналышмак. Окумуштуулар азыркыга чейин адамдын геномун, анын кандай кызмат аткарарын толук түшүнө элек. Алар гендердин каякта болорун жана кандай функцияларды аткарарын ушул күнгө чейин изилдеп келишет. Ал эми гендер ДНК шатысынын кичинекей эле бөлүгүн түзөт. Анда ДНКнын гендер кездешпеген узун аралыктары тууралуу эмне айтууга болот? Окумуштуулар азыркы күнгө чейин аларды ДНКнын пайдасыз жерлери деп эсептеп келген. Бирок акыркы изилдөөлөрдөн кийин, ойлорун өзгөртүштү. ДНКдагы ал боштуктар гендердин кантип жана канчалык деңгээлде колдонулушун жөнгө салышы мүмкүн. Окумуштуулар ДНКнын жана анын көчүрмөсүн жасаган, каталарын текшерген машинелердин үлгүсүн жасай алса да, аны өзүндөй кылып иштете алат беле?

Ричард Фейнман деген белгилүү окумуштуу өлөр алдында: «Өзүм түшүнбөгөн нерсени кантип жарата алмак элем?» — деп жазып кеткен25. Анын момундук менен ачык айткан бул сөздөрүн ДНКга карата да колдонсо болот. Окумуштуулар ДНКны, анын репликация жана транскрипция кылган механизмдерин жаратмак турсун, толук түшүнө албайт. Ошентсе да айрым окумуштуулар ушунун баары өзүнөн өзү пайда болгон деп ишенимдүү түрдө айтышат. Сен карап чыккан далилдер алардын айткандарын ырастайбы?

Илим-билимдүү адамдардын айрымдары ал далилдердин башка нерсени көрсөтүп турарын айтышат. Алсак, ДНК шатысынын кош спиралдуу түзүлүшүн ачканга көмөктөшкөн Фрэнсис Крик деген окумуштуу анын укмуштуудай ырааттуулугу кокустуктун аркасында пайда болбогонун көрсөтүп турарын айткан. Ал божомолдогондой, башка планетадан болгон келгиндер ДНКны жерге жиберип, тиричиликтин пайдубалын салышкан26.

50 жыл бою атеизмди жактап келген белгилүү философ Энтони Флю жакында эле оюн өзгөрткөн. 81 жашында ал тиричиликти аң-сезимдүү кимдир бирөө жаратканына ишене баштаганын айткан. Буга эмне себеп болгон? ДНКга байланыштуу изилдөөлөр. Анын жаңы ой-пикирин башка окумуштуулар колдобой коюшса, эмне кыла турганын сурашканда, ал мындай деп жооп берген: «Анда аябай эле кейиштүү болмок. Мени өмүр бою жетектеген принцип мындай: „Далилдер эмнени көрсөтсө, ошонун негизинде жыйынтык чыгарам“»27.

Кандай жыйынтык чыгарасың? Далилдер эмнеден кабар берип турат? Заводдун борборундагы бөлмөдө компьютер турганын элестетсең. Заводдогу иштердин баары ошол компьютердеги татаал программанын жардамы менен ишке ашат. Ал программа заводдогу машинелердин кантип чогултулушу жана оңдолуп-түзөлүшү керектигин айтып турат. Ошондой эле өзүнүн көчүрмөсүн жасап, каталарын текшерип, оңдой алат. Аны көргөндө кандай жыйынтык чыгармаксың? Компьютер жана анын программасы өзүнөн өзү эле пайда болуп калган дейт белең? Же аны акылдуу бирөө жасаган дейт белең? Мунун жообу айдан ачык!

^ 12-абз. Бир китепте бул башкачараак түшүндүрүлгөн. Ал узун жиптерди клетканын ядросуна батырууну 40 километрге созулган ичке жипти теннистин тобуна батырганга салыштырса болот. Бирок оңой тартып чыгарыш үчүн жипти иреттүү жайгаштырыш керек («Molecular Biology of the Cell»).

^ 18-абз. Ар бир клеткада геномдун толук эки көчүрмөсү бар. Баары биригип 46 хромосоманы түзөт.