Кудайдын эрки эмнеде?
Кудай бейкуттук өкүм сүргөн Бейиште бактылуу болуп жашашыбызды каалайт.
Бирок силер: «Кантип эле жерде Бейиш болсун!» — деп ойлойт чыгарсыңар. Ыйык Китепте Кудайдын өкмөтү жерди бейишке айлантары жөнүндө айтылат. Кудай өзүнүн өкмөтү жана адамзатка карата ой-ниети тууралуу бардык адамдардын билишин каалайт (Забур 37:11, 29; Ышая 9:7).
Кудай бизге жакшы нерселерди каалайт.
Мээримдүү ата балдарына бардык жакшы нерселерди каалагандай эле, Жараткан Кудай да биздин бактылуу болуп түбөлүк өмүр сүрүшүбүздү каалайт (Ышая 48:17, 18). Ыйык Китепте «Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашаары» айтылган (1 Жакан 2:17).
Кудай биздин анын жолунда жүрүшүбүздү каалайт.
Ыйык Китепте Кудай «анын жолдору менен жүрүшүбүз» үчүн «бизге өзүнүн жолдорун үйрөтүүнү» каалаары айтылат (Ышая 2:2, 3). Ал өз эркин бүт дүйнө жүзүндөгү адамдарга билдириш үчүн «өзүнүн ысмы менен атала турган элди» чогулткан (Элчилер 15:14).
Кудай биздин ага биримдикте сыйынышыбызды каалайт.
Жахаба Кудайга сыйынган эл бөлүнбөстөн, бири-бирин сүйүп, биримдикте кызмат кылат (Жакан 13:35). Бүгүнкү күндө кимдер бардык адамдарды Кудайга биримдикте сыйынууга үйрөтүп жатышат? Бул китепчеден ушул суроого жооп аласыңар.