Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1

Кудайдын ысмынын Еврей Жазмаларында кездешиши

Кудайдын ысмынын Еврей Жазмаларында кездешиши

Кудайдын ысмынын Бабыл туткунуна чейин колдонулган байыркы еврей тамгалары менен жазылышы

Кудайдын ысмынын Бабыл туткунунан кийин колдонулган еврей тамгалары менен жазылышы

Еврей Жазмаларында Кудайдын ысмы יהוה (ЖХВХ) деген төрт үнсүз еврей тамгасы менен берилген жана 7 000дей жолу кездешет. Тетраграмматон деп аталган ал төрт тамга кыргыз тилиндеги Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» «Жахаба» деп берилген. Ыйык Китепте Кудайдын ысмы наамдарына караганда көп кездешет. Ыйык Китепти жазууга катышкан пайгамбарлар Кудайга карата же анын ээлеген абалына карата «Кудурети Күчтүү», «Эң Жогорку», «Теңир» деген сыяктуу ар кандай наамдарды колдонушса да, Кудайдын ысмына карата ошол тетраграмматонду гана колдонушкан.

Жахаба Кудай Ыйык Китепке ысмынын жазылышын өзү жетектеген. Мисалы, Жоел пайгамбарга: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— деп жаздырган (Жоел 2:32). Дагы башка пайгамбарга: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деп жаздырган (Забур 83:18). Кудайдын ысмы бир эле Забур китебинде — Кудайдын эли жатка билип, дайыма ырдап жүрүшү керек болгон ырларды камтыган китепте — 700дөй жолу кездешет. Анда эмне себептен Кудайдын ысмы Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда кездешпейт? Эмне үчүн «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысмынын «Жахаба» деген формасы колдонулган? Жахаба деген ысым кандай маанини туюнтат?

Б.з. 1-кылымынын биринчи жарымына таандык Жансыз деңиздин жанынан табылган түрмөктөгү Забур китебинен үзүндү. Текст Бабыл туткунунан кийин колдонулган еврей тамгалары менен жазылган, тетраграмматон болсо негизги тексттин тамгаларынан айырмаланган байыркы еврей тамгалары менен жазылган

Эмне себептен Кудайдын ысмы Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда кездешпейт? Буга ар кандай себептер бар. Айрымдар Кудуреттүү Кудай өзгөчө ысым менен аталууга муктаж эмес дешет. Кээ бирөөлөргө, сыягы, Кудайдын ысмын өтө эле ыйык көргөн жүйүттөрдүн ырым-жырымы таасир эткен. Ал эми башкалар Кудайдын ысмынын так айтылышы белгисиз болгондуктан «Теңир» же «Кудай» деген наамдарды эле колдонуш керек деп эсептешет. Бирок мындай ойлорду төмөнкү себептерден улам жүйөсүз деп айтууга болот:

  • Кудуреттүү Кудайга өзгөчө ысымдын кереги жок деп эсептегендер Ыйык Жазманын алгачкы көчүрмөлөрүндө, анын ичинде Иса Машаяктын убагына чейин сакталып калган көчүрмөлөрдө Кудайдын ысмынын кездешкенине көз жумушууда. Жогоруда белгиленгендей, Кудай өзүнүн ысмынын Ыйык Китепке 7 000дей жолу жазылышын жетектеген. Мындан ал биздин анын ысымын билишибизди жана ага ошол ысмынан кайрылышыбызды каалаары көрүнүп турат.

  • Жүйүттөрдүн ырым-жырымынын таасирине алдырган котормочулар бир орчундуу фактыны көз жаздымда калтырууда. Жүйүт китепчилери Кудайдын ысмын айтуудан баш тартышса да, аны Ыйык Китептин көчүрмөлөрүнөн алып салышкан эмес. Алсак, Жансыз деңизге жакын жайгашкан Кумрандан табылган байыркы түрмөктөрдө Кудайдын ысмы көп жолу кездешет. Чынында, түп нускадагы Кудайдын ысмы турган жерлерге Ыйык Китепти которгон айрым котормочулар баш тамгалар менен «ТЕҢИР» деп жазып, ысымды наамга алмаштырып коюшкан. Алардын Кудайдын ысмы түп нускада миңдеген жолу кездешерин билип туруп, аны эмне үчүн наамдарга алмаштырганын же алып салганын, аларга андай укукту ким бергенин эч ким билбейт.

  • Кудайдын ысмынын так айтылышы белгисиз болгондуктан аны колдонбош керек дегендер Исанын ысмын да колдонбошу керек болчу. Анткени Исанын байыркы жолдоочулары анын ысмын азыркы учурдагы христиандардан таптакыр башкача айтышчу. Мисалы, жүйүт жолдоочулары аны, сыягы, «Иешуа» дешчү, «Машаяк» дегенди «Машиах» же «Мессия» деп айтышчу. Грек жолдоочулары «Иесоус Христос» дешсе, латынча сүйлөгөндөрү «Иесус Кристос» дешчү. Айта кетчү дагы бир нерсе, Инжилди жазгандар Исанын ысмынын еврейче айтылышын эмес, грек тилинде кеңири колдонулган формасын жазышкан. Ошо сыңары, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети, Кудайдын ысмы байыркы еврей тилинде кантип айтылганы белгисиз болсо да, ошол ысымдын кеңири тараган формасын колдонууну туура көргөн.

Эмне үчүн «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысмынын «Жахаба» деген формасы колдонулган? Байыркы еврейлер сөздөрдү, анын ичинде тетраграмматонду (יהוה) жазганда а, о, и, у деген сыяктуу үндүү тамгаларды кошчу эмес. Бирок ал сөздөр күндө колдонулгандыктан алардын айтылышын билишчү. Еврей Жазмалары жазылып бүткөнүнө болжол менен 1 000 жыл болуп калганда жүйүттөрдүн көбү Кудайдын ысмын үн чыгарып айтууга тыюу салган ырым-жырымдарга карманып калышкан. Алар Кудайдын ысмы кездешкен текстти окуганда, ал ысымды үн чыгарып айтпаш үчүн, аны «Теңир» деген сыяктуу наамдарга алмаштырып окушкан. Андыктан биз бүгүн Кудайдын байыркы кызматчылары анын ысмын кантип айтышканын так билбейбиз (Башталыш 13:4; Чыгуу 3:15). Кудайдын ысмынын айтылышына карата окумуштуулар да ар башка ойдо болуп келет. Айрымдар Кудайдын ысмы «Яхве» деп айтылган десе, башкалары «Иаэ», «Иабэ», «Иаоуэ» деп айтылган деп божомолдошот. Кудайдын ысмынын байыркы еврей тилинде кантип айтылганын так билбесек да, Кудайдын өзүнүн кызматчылары менен сүйлөшкөндө ысмын көп колдонгонун, алар ага ошол ысмы менен кайрылганын жана башкалар менен сүйлөшкөндө да ошол ысымды колдонгонун билебиз (Чыгуу 6:2; 1 Падышалар 8:23; Забур 99:9).

Анда эмне үчүн «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысмынын «Жахаба» деген формасы колдонулган? Себеби Кудайдын ысымынын ушул формасы ар кайсы тилдеги байыркы котормолордо колдонулуп келген.

Кудайдын ысмынын Уильям Тиндалдын 1530-жылы которгон котормосунда Башталыш 15:2де кездешиши

Мисалы, Кудайдын ысмы биринчи жолу 1530-жылы Уильям Тиндалдын котормосунда кездешкен. Ал Ыйык Китептин алгачкы беш китебин англис тилине которгондо Кудайдын ысмынын «Иехоуа» деген формасын колдонгон. Али Уфки Бей деген дагы бир котормочу Ыйык Китепти («Китаби Мукаддас») 1666-жылы түрк тилине которгондо Кудайдын ысмынын «Иехова» деген формасын колдонгон. Ошол Ыйык Китептин Еврей Жазмаларында «Иехова» деген ысым, Башталыш 15:2ден тартып эсептегенде, 380ден ашуун жолу кездешет.

Айрымдар Кудайдын ысмы «Яхве» деп айтылышы керек деп эсептешет. Анткен менен Жозеф Браянт Ротергам деген кадыр-барктуу окумуштуу 1911-жылы жазган «Забурларды изилдөө» деген эмгегинде Кудайдын ысмын эмне үчүн «Яхве» деп эмес, «Жехова» деп колдонгонун түшүндүрүп, Кудайдын ысмынын «Ыйык Китепти окуган адамдардын көбүнө тааныш болуп калган формасын» колдонгусу келгенин айткан. А. Ф. Крикпатрик деген окумуштуунун 1930-жылы айткан сөздөрү да көңүлгө аларлык. Ал: «Чынында, Кудайдын ысымынын так айтылышынын кандай болгону эмес, анын „Теңир“ деген сыяктуу наамдардан айырмаланып турушу маанилүү»,— деген.

Тетраграмматон ЖХВХ: «Ал болтурат»

Этиш ХВХ: «болуу»

Жахаба деген ысым кандай маанини туюнтат? «Жахаба» деген ысым еврей тилиндеги «болуу» дегенди билдирген этиштен келип чыккан. Көптөгөн окумуштуулар ал ысым ошол этиштин аркылуу мамилесинен куралганын айтышат. Ошондуктан Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети Кудайдын ысмы «Ал болтурат» деген маанини туюнтат деген жыйынтыкка келген. Бирок окумуштуулар буга карата ар кандай ойдо болгондуктан, анын мааниси дал ушундай деп так айта албайбыз. Анткен менен Кудайдын ысмынын ушул мааниси Жахабанын Жараткан жана ой-ниетин ишке ашырган Кудай катары аткарган ролуна абдан ылайык келет. Анткени ал ааламды, жандуу-жансыздын баарын жана аң-сезимдүү жаратууларды жараткан, ошондой эле өзүнүн ой-ниетин дайыма аткарып келет.

Андыктан Чыгуу 3:14төгү: «Мен ким болгум келсе, ошол болом»,— деген сөздөрдөгү «болуу» деген этиш Кудайдын ысмынын маанисин толук камтыбайт. Ал тек гана анын кандай Кудай экенин көрсөтөт. «Жахаба» деген ысым, чынында, Кудайдын өз ой-ниетин аткарыш үчүн өзүнүн ким болгусу келсе, ошол боло аларын эле эмес, жаратууларын да, ким же эмне болуш керек болсо, ошол кылып коё аларын билдирет.