Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ДЕГЕН КИМДЕР?

Жүргүзгөн иши кантип каржыланат?

Жүргүзгөн иши кантип каржыланат?

Биз ар жылы миллиондогон нускада Ыйык Китеп жана ага негизделген адабияттарды басып чыгарабыз. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча филиалдарды, типографияларды курабыз жана иштетебиз. Ошондой эле жыйналыштар өткөрүлгөн Падышалык залы деп аталган жөнөкөй, ошол эле учурда кооз он миңдеген имараттарыбыз бар. Ушунун баары кантип каржыланат?

Биздин ишибиз толугу менен ыктыярдуу тартуулардын эсебинен каржыланат (2 Корунттуктар 9:7). 1879-жылы ушул журналдын экинчи санында: «Биз „Сион күзөт мунарасын“ ЖАХАБА өзү колдооруна ишенебиз. Андыктан башкалардан эч качан кайыр сурабайбыз»,— деп жазылган. Биз азыр да ошондой ойдобуз.

Тартуулар түз эле филиалдарыбыздын бирине жөнөтүлөт же ар бир Падышалык залында турган тартуу кутусуна салынат. Элден эч кандай акча, ондуктар (кирешенин ондон бир бөлүгү) чогултулбайт, адабияттарыбыз да бекер берилет. Өзүбүз да элге Кудайдын сөзүн айтканыбыз, Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам бергенибиз жана Падышалык залдарын курууга катышканыбыз үчүн эч кандай акы албайбыз. Анткени Иса пайгамбар: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деп айткан (Матай 10:8). Филиалдарда жана башкы башкармалыгыбызда кызмат кылган кызматчылар, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөлөрү да кылган кызматы үчүн эч кандай акча алышпайт.

«Жахабанын Күбөлөрүнүн жүргүзгөн ишин ала турган болсок, алардын каражаты ыктыярдуу тартуунун эсебинен топтолот, канча өлчөмдө жана канчалык бат-баттан „тартуу“ кылып турарын ар ким өзү чечет». (Адам укуктары боюнча Европа Соту, 2011)

Мындан сырткары, ыктыярдуу тартуулар табигый кырсыктан жапа чеккендерге жумшалат. 1-кылымдагы Исанын жолдоочулары да кыйналып жаткан ишенимдештерине көмөк кылууга дилгир болушкан (Римдиктер 15:26). Аларга окшоп, биз да кырсыктан зыян тарткандарга үйлөрүн, Падышалык залдарын оңдоого, ошондой эле тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек жагынан жардам беребиз.