Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КУДАЙГА ЖАКЫНДОО МҮМКҮНБҮ?

Кудайга жакындоо мүмкүнбү?

Кудайга жакындоо мүмкүнбү?

«Кудай менен жакын мамиледе болсоң, өзүңдү коопсуз сезесиң, ошондой эле жашооң өз нугу менен жана бир калыпта өтүп, маңыздуу болот. Кудай сенин жыргалчылыгыңды ойлоп, сага дайыма көз салып тургандай сезилет» (КРИСТОФЕР, ГАНАЛЫК ЖИГИТ).

«Кыйналып турганда Кудайдан тиленгениңде, ал сага сен күткөндөн да көбүрөөк көңүл буруп, мээримин төгөт» (13 ЖАШТАГЫ ХАННА, АЛЯСКА, АКШ).

«Кудай менен жакын мамиледе экениңди билсең, жүрөгүң эч нерсеге тең келгис бир башкача сезимге, бейкуттукка бөлөнөт» (40 ЖАШТАРДАГЫ ЖИНА, ЯМАЙКА).

Кристофер, Ханна жана Жина мындай сезимдерди туюп көргөндөрдүн айрымдары гана. Дүйнө жүзүндө, алар сыяктуу эле, Кудай менен жакын мамиледе болуп, аны досундай көргөн адамдар көп. Ал эми силер тууралуу эмне деп айтууга болот? Силер да Кудай менен ынак мамиледемин деп ойлойсуңарбы? Ага жакын болууну же учурдагыдан да жакыныраак болууну каалайт белеңер? Балким, силер: «Жөнөкөй эле пенденин кудурети күчтүү Кудайга ынак болушу мүмкүнбү? Аны менен кантип ынак болмок элек?» — дейттирсиңер.

КУДАЙ МЕНЕН ЖАКЫН МАМИЛЕДЕ БОЛУУ МҮМКҮН

Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык, ар бир адам Кудай менен ынак мамиледе боло алат. Мисалы, Ыйык Китепте Кудайдын Ыбрайым пайгамбарды «досум» деп атаганы жазылган (Ышая 41:8). Ошондой эле анда: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп айтылат (Жакып 4:8). Демек, мындан Кудайга жакын болуу, тагыраак айтканда, аны менен дос болуу мүмкүн деген жыйынтык чыгарсак болот. Бирок Кудайды эч ким көрө албагандыктан: «Аны менен кантип жакын мамиледе боло алабыз?» — деген суроо туулат.

Бул суроого жооп алыш үчүн адамдардын ортосундагы достук мамилени мисал кылалы. Достук мамиле адатта таанышуудан башталат. Таанышкандан кийин эки киши бири-бири менен сүйлөшүп, ичиндеги сырын, сезимин айтып, бара-бара ынак боло берет. Ал эми бири-бирине жакшылык кылып, жардам бергенде, достугу ого бетер чыңдалат. Кудай менен болгон мамилебизди өрчүтүү тууралуу да ушуну айтууга болот. Анда ошого кененирээк токтололу.