Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Иса Машаяк өлгөндөрдү чын эле тирилткенби?

Иса пайгамбар өлгөнүнө төрт күн болгон Лазарды тирилткен

Ыйык Китепте Иса Машаяктын өлгөн адамдарды тирилткени жазылган. Ал окуялар ойдон чыгарылган эмес, себеби алардын кайсы жерде жана качан болгону так айтылган. Мисалы, б.з. 31-жылынын жай айында болгон окуяга көңүл буралы. Иса Машаяк көп элдин коштоосунда Капернаумдан чыгып, Наин шаарын көздөй бараткан. Шаарга жеткенде алардын алдынан бир жесир аялдын уулунун сөөгүн көтөрүп бараткан топ киши чыккан. Иса пайгамбар ошол жигитти тирилткен. Ыйык Китепте айтылган бул окуянын чынында эле болгонунан эч күмөн санабасак болот, анткени ага көп адамдар күбө болгон. (Окугула: Лука 7:11—15.)

Ошондой эле Иса Машаяк өлгөнүнө төрт күн болуп калган жакын досу Лазарды тирилткен. Бул окуянын болгонуна да шек жок, себеби аны көптөр өз көзү менен көрүшкөн. (Окугула: Жакан 11:39—45.)

Иса Машаяк өлгөндөрдү эмне үчүн тирилткен?

Ал өлгөндөрдү адамдарга аябай боору ооругандыктан тирилткен. Андан сырткары, өлгөндөрдү тирилтип, баарына өмүр берген Кудайдын ага өлүмдүн үстүнөн да бийлик бергенин көрсөткөн. (Окугула: Жакан 5:21, 28, 29.)

Иса пайгамбардын байыркы учурда өлгөндөрдү тирилткени анын келечекке байланыштуу берген убадаларынын да сөзсүз ишке ашарын тастыктап турат. Келечекте ал көптөгөн адамдарды, анын ичинде чыныгы Кудай жөнүндө эч нерсе билбегендерди да тирилтет. Андай адамдарга Жахаба Кудайды таанып-билип, аны сүйөрүн далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилет. (Окугула: Элчилер 24:15.)