Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эч качан үмүт үзбө!

Эч качан үмүт үзбө!

Көп жылдан бери жубайыңдын сени менен бирге Жахабага кызмат кылышын эңсеп келесиңби?

Же Ыйык Китепти сени менен изилдеген киши алгач абдан кызыккандай көрүнүп, бирок чындык жолуна түшпөй койгондо, көңүлүң чөктү беле?

 Улуу Британияда болгон бир нече окуя эмне үчүн эч качан үмүт үзбөшүң керектигин түшүнүүгө жардам берет. Ошондой эле алардан чындыкты кабыл ала электерге жардам бериш үчүн, мындайча айтканда, «наныңды сууга агызыш» үчүн, эмне кылсаң болорун көрө аласың (Нас. 11:1).

ТУРУКТУУ БОЛУУ МААНИЛҮҮ

Туруктуу болуп, чындыкка бекем карманганың жана Жахабага ишенимдүү кызмат кыла бергениң абдан маанилүү (Мыйз. 10:20). Георгина так ушундай кылган. Ал 1970-жылы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда, жолдошу Кириакос аябай ачууланган. Ал изилдөөнү токтотууга аракет кылып, бир туугандарды үйүнө киргизчү эмес жана биздин адабияттарды таап алса, жок кылып салчу.

Георгина жыйналыш жолугушууларына бара баштаганда, Кириакос ого бетер ачууланат. Бир күнү ал бир туугандар менен талашып-тартышыш үчүн Падышалык залына барат. Анын англисчеге караганда грекче жакшы сүйлөөрүн көрүп, бир эже башка жыйналышта кызмат кылган грек бир тууганды чакырат. Кириакос ал бир туугандын жылуу-жумшак мамилесине аябай таасирленет, атүгүл аны менен бир нече ай Ыйык Китепти изилдейт. Бирок андан кийин изилдөөнү токтотуп коёт.

Ошондон кийин Кириакос дагы үч жыл бою Георгинага каршылык көрсөтөт. Ал ага эгер чөмүлтүлө турган болсо, таштап кетерин айтат. Чөмүлтүлөр күнү Георгина Жахабадан жолдошум таштап кетпесе экен деп жалынып-жалбарат. Бир туугандар Георгинаны жыйынга алып кеткени келишкенде, Кириакос аларга: «Силер бара бергиле. Биз машинебиз менен артыңардан барып калабыз»,— дейт. Элестетсең, ал жыйындын түшкө чейинки бөлүгүнө катышып, аялынын чөмүлгөнүнө күбө болот!

Георгина Күбөлөргө жолуккандан 40 жылдай өткөндөн кийин, жолдошу чөмүлтүлгөн

Ошондон тартып Кириакос көп каршылык көрсөтпөй калат жана бара-бара чоң өзгөрүүлөрдү жасайт. Георгина Күбөлөргө жолуккандан 40 жылдай өткөндөн кийин, жолдошу чөмүлтүлгөн! Кириакоско эмне түрткү берген? «Мен Георгинага миң мертебе ыраазымын, себеби ал абдан чечкиндүү болчу»,— дейт ал. Георгина болсо: «Жолдошум каршылык көрсөткөнүнө карабай, Кудайыма сыйынганымды токтоткон эмесмин. Дайыма Жахабадан тиленчүмүн жана эч качан үмүтүмдү үзгөн эмесмин»,— дейт.

ЖАҢЫ ТАБИЯТТЫ КИЙҮҮ МААНИЛҮҮ

Өмүрлүк жарыңа жардам берүү үчүн Кудайга жаккан сапаттарды өрчүткөнүң да маанилүү. Элчи Петир Кудайга кызмат кылган зайыптарды: «Силер, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун»,— деп үндөгөн (1 Пет. 3:1). Кристин ушул кеңешке ылайык иш кылып келген, бирок жолдошу чындыкка келгенге чейин көп жыл өткөн. 20 жылдан ашуун убакыт мурун Кристин чөмүлгөндө, жолдошу Жон Кудайга ишенчү эмес. Анын динге аралашайын деген ою да жок болчу, бирок Кристинге жаңы дини кандай таасир этип жатканын байкаган. «Аялым мурдагыга караганда бактылуураак болуп калганын байкадым,— дейт ал.— Ошондой эле ал мурдагыдан эрки күчтүү, чечкиндүү болуп калды. Бул мага оор учурларда чоң жардам берди».

Кристин эч качан өзүнүн динин күйөөсүнө таңуулачу эмес. Жон мындай дейт: «Кристин башында эле мени жайыма койгону жакшы болорун түшүнгөн. Ал мени чындыкты батыраак түшүнсүн деп шаштырбай, өзүнүн оюн таңуулабай, чыдамдуулук көрсөткөн». «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарына Жонго кызыктуу боло турган, мисалы, илим, жаратылыш жөнүндөгү макалалар чыгып калганда, Кристин: «Бул сага жагат болуш керек» — деп, аларды ага берчү.

Кийинчерээк Жон ардактуу эс алууга чыгып, багбанчылык менен алек боло баштайт. Жашоо жөнүндө тереңирээк ойлонууга көбүрөөк убактысы болгондуктан ал: «Биз кокустуктан пайда болдук беле же белгилүү бир максат менен жаралдык беле?» — деп ойлоно баштайт. Күндөрдүн биринде бир бир тууган Жон менен сүйлөшүп отуруп: «Изилдөөгө кандай карайсың?» — деп сурап калат. «Ошо кезде Кудайга ишене баштагандыктан анын сунушуна макул болдум»,— дейт Жон.

Кристиндин Жондон үмүт үзбөгөнү кандай жакшы болгон! Ал Жон чындыкты кабыл алса экен деп 20 жыл бою тиленгенден кийин, Жон чөмүлтүлгөн. Азыр алар Жахабага биримдикте ынталуу кызмат кылууда. «Мага, негизинен, эки нерсе түрткү берди: бир туугандардын жылуу-жумшак мамилеси, ошондой эле Жахабага кызмат кылган жубайымдын берилгендиги, ишенимдүүлүгү жана жан аябастыгы»,— дейт Жон. Ооба, Кристин 1 Петир 3:1де жазылгандарды колдонгон жана анын натыйжасы жакшы болгон.

 СЕБИЛГЕН ҮРӨНДҮН ЖЫЛДАР ӨТКӨНДӨН КИЙИН ЖЕМИШ БЕРИШИ

А эгер Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишинин кайсы бир себептен улам баштапкы кызыгуусу сууп калсачы? «Үрөнүңдү эртең менен сеп да, колуңду кечке чейин тындырба,— деп жазган Сулайман падыша.— Анткени кайсынысы өнүп чыгарын, мунусубу же тигинисиби, же экөө тең өнүп чыгабы, билбейсиң» (Нас. 11:6). Кээде адамдын жүрөгүндө чындыктын үрөнү өнө башташы үчүн көп жыл талап кылынат. Бирок акыры ал Кудайга жакындоонун маанилүүлүгүн түшүнүшү мүмкүн (Жкп. 4:8). Ооба, бир күнү эле сен мурун сепкен үрөнүңдүн кандай сонун жемиш бергенин көрүп кубанышың ыктымал.

Мисалга Индиядан Англияга көчүп барган Алисти алалы. 1974-жылы ал Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал хинди тилинде сүйлөчү, бирок англис тилин жакшы өздөштүргүсү келчү. Алис бир нече жыл Ыйык Китепти изилдеп, англис тилиндеги жыйналыш жолугушуусуна бир нече жолу катышкан. Ал чындыкты изилдеп жатканын билчү, бирок аны кызыккан нерселеринин бири катары эле көрчү. Анын үстүнө, оюнун баары акчада болчу жана отуруштарды жакшы көрчү. Бара-бара Алис изилдөөнү токтотуп койгон.

Андан 30 жылга жакын убакыт өткөндөн кийин, мурун аны менен изилдеген Стелла андан кат алган. Катта мындай делген: «1974-жылдан тартып бир нече жыл сени менен Ыйык Китепти изилдеген кишинин жакында эле облустук жыйында чөмүлгөнүн укканда аябай кубанарың шексиз. Сен менин жашоомо абдан чоң таасир тийгиздиң. Сен менин жүрөгүмө чындыктын үрөнүн сепкенсиң. Ошол учурда өзүмдү Кудайга арнаганга даяр эмес болсом да, чындыктын үрөнүн акылымда жана жүрөгүмдө сактап жүрдүм».

Алистин Стеллага жазган катында мындай делген: «1974-жылдан тартып бир нече жыл сени менен Ыйык Китепти изилдеген кишинин жакында эле облустук жыйында чөмүлгөнүн укканда аябай кубанарың шексиз»

Алиске эмне түрткү берген? 1997-жылы жолдошу көз жумгандан кийин, ал кайгыга чөгүп кеткен. Ошондо Кудайга кайрылып, тиленген. Тиленгенден кийин эле 10 мүнөткө жетпей панжаби тилинде сүйлөгөн эки Күбө үйүнө келген. Алар ага «Өлгөн сүйүктүү жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?» деген баракча калтырып кетишкен. Алис тиленүүсүнө жооп алганын түшүнүп, Жахабанын Күбөлөрү менен байланышууну чечкен. Бирок аларды кайдан табат эле? Ал бир эски күндөлүгүн таап алган. Анда Стелла берген панжаби тилиндеги жыйналыштын дареги жазылган эле. Ошентип, Алис Падышалык залына барган. Ал жактан панжаби тилинде сүйлөгөн бир туугандар аны жылуу тосуп алышкан. «Ошондогу жылуу сезим жүрөгүмөн түнөк таап, кайгыман сооронууга жардам берди»,— дейт Алис.

Ал жолугушууларды калтырбай барып, кайрадан Ыйык Китепти изилдей баштайт жана панжаби тилинде эркин сүйлөгөндү, шар окуганды үйрөнөт. Ал эми 2003-жылы чөмүлтүлөт. Ал Стеллага жазган катын: «29 жыл мурун жүрөгүмө чындыктын үрөндөрүн сепкениңе жана мага жакшы үлгү көрсөткөнүңө чоң рахмат»,— деген сөздөр менен аяктаган.

«29 жыл мурун жүрөгүмө чындыктын үрөндөрүн сепкениңе жана мага жакшы үлгү көрсөткөнүңө чоң рахмат» (Алис)

Бул окуялардан эмнени билсек болот? Адамдын жүрөгүнө себилген үрөн өсүп чыгышы үчүн, сен күткөндөн көп убакыт талап кылынышы мүмкүн. Бирок эгер адам Кудай жөнүндөгү билимге суусап турса, чынчыл жана момун болсо, Жахаба анын жүрөгүндөгү үрөндү өстүрөт. Иса пайгамбар бир мисалында эмне дегенине көңүл бурсаң: «Үрөн... өнүп-өсө берет. Сепкен киши анын кантип өсүп жатканын билбейт. Жер өзү акырындык менен түшүм берет: адегенде үрөн өнүп чыгат, анан баш алып, данга толот» (Мр. 4:27, 28). Ырас, үрөн акырындык менен, өзү эле өсө берет. Чынында, Падышалыктын жарчысы анын кантип өсөрүн билбейт. Ошондуктан үрөндү мол себе бер. Сепкен үрөндөрүң мол түшүм бериши мүмкүн.

Тиленүү маанилүү экенин да унутпа. Георгина менен Кристин Жахабадан тилене беришкен. Эгер тиленгениңди токтотпосоң жана эч качан үмүт үзбөсөң, «сууга агызган» наның кайра кайрылып келиши ыктымал (Рим. 12:12; Нас. 11:1).