Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Эквадордо

Жан аябас кызматчылар Эквадордо

Жан аябас кызматчылар Эквадордо

ИТАЛИЯЛЫК Бруно деген жаш бир тууганыбыз бир учурда кысымга алынган. Ал орто мектепти эң мыкты баа менен бүтүргөндүктөн, тууган-туушкандары, мугалимдери жогорку окуу жайына тапшырууга үндөшкөн. Бирок бир нече жыл мурун Бруно өмүрүн Жахабага арнап, анын эркин жашоосунда биринчи орунга коёрун убада кылган болчу. Ал кандай чечим чыгарган? «Мен Жахабага арналуума ылайык жашаарымды жана аны биринчи орунга коёрумду айттым. Бирок ага жашоомду кызыксыз, көңүлсүз эмес, кызматтын ар кандай түрүнө катышып, кубанычтуу өткөргүм келерин да ачык айттым»,— дейт ал.

Бир нече жылдан кийин Бруно Түштүк Америкадагы Эквадорго көчүп барган. Ал: «Жахаба тиленүүмө мен күткөндөн да сонун жооп берди»,— дейт. Эквадорго барганда ал Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн ошол жакка көчүп барган башка көптөгөн жаштарды жолуктурганда аябай сүйүнгөн.

ЖАХАБАНЫ «СЫНАП КӨРГӨН» ЖАШТАР

Дүйнөнүн чар тарабындагы миңдеген жаштардай эле, Бруно Жахабанын: «Мени... сынап көргүлө,.. ошондо силер үчүн асман дарбазаларын ачпайт бекем,.. силерге батамды төкпөйт бекем»,— деген чакырыгын кабыл алган (Мал. 3:10). Жахабаны сүйгөндүктөн ал жаштар Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк жерлерде анын ишин алга жылдырууга убактысын, күчүн, каражатын чын көңүлдөн арнап, аны сынап көрүүнү чечишкен.

Ал жан аябас кызматчылар жаңы жерге барышканда чынында эле «түшүм көп, ал эми жумушчулар аз» экенин өз көзү менен көрүшкөн (Мт. 9:37). Мисалы, Германиядан барган Жаклин кубанычы койнуна батпай, Эквадордогу филиалга: «Эквадордо кызмат кылганыма 2 эле жыл болсо да, азыр 13 киши менен Ыйык Китепти изилдеп жатам. Алардын төртөө жолугушууларга дайыма катышат. Бул кандай сонун!» — деп жазган. Ал эми канадалык Шантель: «Мен 2008-жылы Эквадордун океан жээгинен орун алган аймагына көчүп баргам. Ал жерде бир эле жыйналыш бар болчу. Азыр 3 жыйналыш, 30дан ашык пионер бар. Ушунчалык көп кишинин чындык жолуна түшүп, рухий жактан ийгилик кылып жатканын көрүү өзүнчө эле ырахат!» — дейт. Анан: «Жакында эле Анд тоолорундагы деңиз деңгээлинен 2743 м бийиктикте жайгашкан шаарга көчүп бардым. Ал шаарда 75000ден ашык киши жашайт, бирок 1 эле жыйналыш бар. Ал аймак — укмуштуудай жемиштүү аймак. Кызматтан зор кубаныч алып жатам»,— деп кошумчалайт.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР БОЛБОЙ КОЙБОЙТ

Албетте, башка жакта кызмат кылганда кыйынчылыктар болбой койбойт. Айрым жаштар атүгүл көчүп бара электе эле ар кандай тоскоолдуктарга туш болушкан. Кошмо Штаттардан барган Кейли мындай дейт: «Чет өлкөгө кетеримди билгенде айрым бир туугандар жакшы эле ниет менен мага барбай эле койгонум оң болорун айтышкан. Буга көңүлүм чөкпөй койгон жок. Алар эмне үчүн чет өлкөдө пионер болуп кызмат кылгым келип жатканын түшүнүшкөн жок. Ушундан улам кээде: „Туура эле кылып жатамбы?“ — деп ойлончумун». Ошого карабай Кейли көчүп барууну чечкен. «Жахабадан кайра-кайра тиленгеним, жетилген бир туугандар менен көп жолу сүйлөшкөнүм Жахабанын жан аябас кызматчыларына батасын берерин түшүнүүгө жардам берди»,— дейт ал.

Көптөр үчүн тил үйрөнүү — чоң көйгөй. Ирландиялык Шейбон: «Башкаларга оюмду жеткире албай жаман кыйналчумун. Мага чыдамкай болууга, жаңы тилди кылдат изилдөөгө, ката кетиргенимде өзүмө күлгөнгө үйрөнүүгө туура келди»,— деп эскерет. Ал эми эстониялык Анна: «Мээ кайнаткан ысык, чаң-топурак, ысык душтун жоктугу испан тилин үйрөнүүгө салыштыра келгенде эч нерсе болбой калчу. Кээде баарын таштап салгым келчү. Каталарыма эмес, ийгиликтериме көңүл топтоого үйрөнүшүм керек болду»,— деп ой бөлүшөт.

Кыйынчылыктардын дагы бири — үйдү сагынып куса болуу. Кошмо Штаттардан барган Жонатан мындай дейт: «Үй-бүлөмдөн, досторумдан алыс болгондуктан, көп өтпөй эле көңүлүм чөгө баштады. Бирок бүт көңүлүмдү өздүк изилдөөмө, кызматыма буруунун аркасында андай сезимимди жеңе алдым. Кызматта болгон жүрөк толкутарлык окуялар жана жыйналыштан тапкан жаңы досторум кайрадан кубанычка ээ болууга жардам берди».

Жашоо шарттын начарлыгы да көйгөйлөрдүн бири десек жаңылышпайбыз. Башка өлкөнүн жашоо шарты биз көнүп калгандагыдан кыйла айырмаланышы мүмкүн. Канадалык Бау: «Мекениңде электр энергиясынын, суунун дайыма болуп турганы боло жүргөн эле нерсе. Ал эми бул жерде андай нерселер бирде болсо, бирде жок»,— дейт. Жакырчылык, ыңгайсыз унаалар жана сабатсыздык — көптөгөн өнүгүп келаткан өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүш. Австриялык Айнес жергиликтүү калктын жакшы жактарына көңүл бурат. Ошондуктан ага андай кыйынчылыктарды көтөрүп кетүү оңоюраак. «Алар — ушунчалык меймандос, жумшак, жардам берүүгө ынтызар, момун адамдар. Көбү Кудай жөнүндө көбүрөөк билүүгө аябай дилгир»,— дейт ал.

«МУКТАЖ БОЛБОЙ КАЛГАНЫҢАРЧА,.. БАТАМДЫ ТӨГӨМ»

Жогорудагы жаштарга Эквадордо кызмат кылуу үчүн курмандыктарга барууга туура келсе да, Жахабанын алар күткөндөн «алда канча көптү кыларына» өз тажрыйбасынан ынанышкан (Эф. 3:20). Ооба, ал жаштар Жахабанын: «Эч нерсеге муктаж болбой калганыңарча, силерге батамды төгөм»,— деген убадасын аткарганын сезишкен (Мал. 3:10). Алардын өзүнүн кызматы жөнүндө кандай ойдо экенине көңүл бурсаң:

Бруно: «Эквадордогу кызматым Амазонка дарыясынын жанындагы кооз аймактан башталган. Кийинчерээк Эквадордогу филиалды кеңейтүү ишине катыштым. Азыр болсо Бейтелде кызмат кылып жатам. Италияда жүргөндө Жахабаны дайыма биринчи орунга коём деп чечкен элем. Ал болсо менин кызматтын ар кандай түрүнө катышып, жашоомду кызыктуу өткөрүүгө болгон каалоомду аткарды».

Бау: «Эквадордо бүт убактымды рухий иштерге арнагандыктан Жахаба менен мурдагыдан да жакын болуп калдым. Мындан тышкары, көз жоосун алган жерлерге барууга да мүмкүнчүлүгүм болду. Бул да өзүнчө бата, анткени мен муну дайыма каалап келгем».

Анна: «Мага окшогон бойдокторго миссионерлердикиндей жашоонун даамын татуу таптакыр мүмкүн эместей сезилчү. Бирок азыр бул мүмкүн экенине өз тажрыйбаман ынанып жатам. Жахаба батасын мол бергендиктен, шакирт даярдоо ишине, Падышалык залдарын курууга катышуудан зор канааттануу алып жатам. Ошондой эле жаңы досторду тапканыма абдан сүйүнөм».

Элки: «Туулуп-өскөн жеримде, Австрияда, жүргөндө Жахабадан, жок дегенде, бир изилдөө табууга жардам беришин сурап көп тиленчүмүн. Ал эми бул жерде 15 киши менен Ыйык Китепти изилдеп жатам! Алардын ийгилик жасап, жүзүнөн нур жанып турганын көрүү мага чоң кубаныч тартуулайт».

Жоел: «Бөтөн эл, бөтөн жерге барып, Жахабага кызмат кылууга эмне жетсин! Анын аркасында Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөнөсүң жана анын кылган аракетиңе батасын берип жатканын көрүп, жүрөгүң сүйүнөт. Кошмо Штаттардан көчүп келген жылы мен кызмат кылган топ 6 жарчыдан 21 жарчыга өстү. Ал эми Эскерүү кечесине 110 киши келди».

СЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ АЙТУУГА БОЛОТ?

Жаш бир тууган, сен да Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк жерде кызмат кыла аласыңбы? Албетте, мындай олуттуу чечим чыгаруу үчүн баарын кылдат ойлонуштурушуң керек. Бирок, эң маанилүүсү, Жахабага жана жакындарыңа болгон сүйүүң күчтүү болушу зарыл. Эгер ушундай сүйүү өрчүтсөң жана өзүңдү даярмын деп эсептесең, Жахабага башка жакка барып кызмат кылгың келерин айтып, жалындуу тилен. Андан сырткары, чындык жолундагы ата-энең, жыйналышыңдагы аксакалдар менен сүйлөш. Баарын таразалап көргөндөн кийин, балким, ыйык кызматтын ушул жүрөк толкутарлык түрүнө катыша алам деген жыйынтыкка келеттирсиң.

[3-беттеги кыстырма]

«Жахабадан кайра-кайра тиленгеним, жетилген бир туугандар менен көп жолу сүйлөшкөнүм Жахабанын жан аябас кызматчыларына батасын берерин түшүнүүгө жардам берди». (Кейли, Кошмо Штаттар)

[6-беттеги сүрөт/кутуча]

Башка жакта кызмат кылгандардын айрымдары өздөрүн камсыз кылыш үчүн...

• өз жеринде жылына бир нече ай иштеп келишет

• үйүн, ишин ижарага беришет

• Интернет аркылуу иштешет

[4-беттеги сүрөттөр/кутуча]

1 Жаклин, Германиядан

2 Бруно, Италиядан

3 Бау, Канададан

4 Шейбон, Ирландиядан

5 Жоел, АКШдан

6 Жонатан, АКШдан

7 Анна, Эстониядан

8 Элки, Австриядан

9 Шантель, Канададан

10 Айнес, Австриядан

[6-беттеги сүрөт/кутуча]

Башка жакта кызмат кылууга даярдануу

• Өздүк изилдөөң үзгүлтүксүз, сапаттуу болсун

2011-жылдын августундагы «Падышалык кызматыбызды» (4—6-б.) карап чык

• Башка жакта кызмат кылгандар менен сүйлөш

• Тандаган жериңдин маданияты, тарыхы жөнүндө изилде

• Бир аз болсо да, ал жердин тилин үйрөнүп ал