Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Турмуш агымына туруштук берүү мүмкүнбү?

Турмуш агымына туруштук берүү мүмкүнбү?

ЖАШ кезде кандай максаттарды көздөп, эмнени ойлоп кыялданчу элеңер? Балким, үйлөнүп-жайланууну, бир кесиптин ээси болуп, албан-албан ийгиликтерге жетүүнү эңсечүсүңөр. Бирок тилекке каршы, жашоодо баары эле биз каалагандай боло бербейт. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, кээде жагдайыбыз түп-орду менен өзгөрүп кетиши мүмкүн. Буга Анжанын, Делинанын жана Грегоринин жашоосу мисал боло алат.

  • Анжа Германияда жашайт. 21 жашында анын рак менен ооруй турганы аныкталган. Учурда ал үйүнөн чыга албайт.

  • АКШда жашаган Делина нерв жана булчуң ткандарынын жыйрылышынын бузулуусунан жапа чегип келет. Андан тышкары, үч оорулуу агасына кам көрөт.

  • Грегори Канадада жашайт. Ал коркуу неврозунун азабын тартып келет.

Анжа, Делина жана Грегори башына түшкөн кыйынчылыктарга моюн сунбай жашап келет. Аларга эмне жардам берүүдө?

Ыйык Китепте: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың»,— деген сөз бар (Накыл сөздөр 24:10). Мындан кыйынчылыкка туш болгондо адамдын кандай маанайда болгону маанилүү экени көрүнүп турат. Алсак, башына кыйынчылык түшкөндө терс сезимдерге алдырган киши турмуш тизгинин колунан чыгарып жибергендей эле болот. Ал эми жакшылыктан үмүтүн үзбөй, оң маанай сактагандар тизгинди колдон чыгарбайт.

Келгиле анда, Анжа, Делина жана Грегоринин мисалын карап көрөлү.