Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ой жүгүртүү

Ой жүгүртүү

Эмне жөнүндө ойлонуп жатканыбызга маани беришибиз керекпи?

«Бардык иштериң тууралуу ой жүгүртөм, иш-аракеттериң жөнүндө ойлоном» (Забур 77:12).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрымдар өзүн жакшы сезип, канааттануу алыш үчүн медитация (ой жүгүртүү же психиканы өтө терең бир жерге топтогон абалга алып келүүгө багытталган акыл аракети) кылуу керек деп ойлошот. Медитациянын көптөгөн түрү бар. Анын айрым түрлөрү байыркы чыгыш элдеринин диндеринен тамыр алган. Бир жазуучу: «Баарына туура баа бериш үчүн, акылды бошотуш керек»,— деген. Анын айткандары эч нерсени ойлонбой, кайсы бир сөздөргө же образдарга эле көңүл топтоо жан дүйнөнүн тынчтанышына, акыл-эстин тунук болушуна шарт түзөт деп ойлогондордун көз карашын чагылдырып турат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте медитация кылып акылыбызды бошотуп, мантра (эч нерсени ойлонбой, кайсы бир сөздү же сөз айкашын кайталай берүү) айтышыбыз керектиги айтылбайт. Ыйык Китеп бизге жакшы таасир эте турган нерселер жөнүндө, алсак, Кудайдын сапаттары, осуяттары жана анын жараткандары жөнүндө ой жүгүртүүгө үндөйт (1 Тиметей 4:15). Дөөтү пайгамбар Кудайдан тиленгенде: «Мен... сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм, колуңдун иштери тууралуу ынтызарлык менен ойлоном»,— деген (Забур 143:5). Анын: «Төшөгүмдө жатканда сени эстейм, түнкү күзөт маалдарында сен тууралуу ой жүгүртөм»,— деп да айткан сөзү бар (Забур 63:6).

 Жакшы нерселер жөнүндө ой жүгүртүүнүн кандай пайдасы бар?

«Адил адамдын жүрөгү ойлонуп жооп берет» (Накыл сөздөр 15:28).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жакшы нерселер жөнүндө ой жүгүртсөк, ички дүйнөбүз тазарат, сезимибизди башкарып, өзүбүздү кармай билүүгө үйрөнөбүз жана моралдык жактан күчтөнөбүз. Ошонун аркасында дайыма туура сүйлөп, туура иш кыла алабыз (Накыл сөздөр 16:23). Андыктан жакшы нерселер жөнүндө ой жүгүрткөнүбүз бактылуу болушубузга, жашообуздун маңыздуу өтүшүнө шарт түзөт деп айтууга болот. Забур 1:3тө Кудай жөнүндө ой жүгүрткөн кишинин кандай болору тууралуу мындай делет: «Ал суу агымдарынын жээгине отургузулуп, өз маалында жемиш берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет».

Ой жүгүртүү акылыбызга акыл кошуп, эс тутумубузду жакшыртат. Мисалы, Кудайдын колунан бүткөн нерселер жөнүндө же кайсы бир темага байланыштуу Ыйык Китепте эмне делери жөнүндө окуганда көптөгөн кызыктуу маалыматтарды билебиз. Бирок ой жүгүрткөндө гана алардын бири-бири менен жана мурун билгендерибиз менен кандай байланышы бар экенин түшүнөбүз. Уста курулуш материалдарынан эң сонун үй салгандай эле, ой жүгүртүү бизге билген маалыматтарды бири-бири менен байланыштырып, бир нерсе жөнүндө кеңири түшүнүк алганга жардам берет.

Бардык эле нерсе жөнүндө ой жүгүртө берүү туурабы?

«Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган. Аны ким биле алат?» (Жеремия 17:9).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Ичтен, адамдын жүрөгүнөн, жаман ойлор чыгат... алар бузуктукка, уурулукка, киши өлтүрүүгө, ойноштукка, ач көздүккө, жаман иштерге, алдамчылыкка, уятсыз жүрүм-турумга, көрө албастыкка,.. акылсыздыкка алып барат» (Марк 7:21, 22). Ушул сөздөргө ылайык, өрт чыгып кетпеш үчүн, отту карап турушубуз керек болгондой эле, эмне жөнүндө ойлонуп жатканыбызга да көңүл бурушубуз керек. Болбосо жаман ой жаман каалоону пайда кылат. Анан ал өрчүп отуруп башкарылгыс болуп калышы жана жаман ишке түртүшү мүмкүн (Жакып 1:14, 15).

Ыйык Китеп бизди «эмне чындык болсо,.. эмне адил, эмне таза болсо, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жөнүндө жакшы пикирде болушса, эмне жакшылык деп эсептелсе, эмне мактоого татыктуу болсо, ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүртүүгө» үндөйт (Филипиликтер 4:8, 9). Эгер жакшы нерселер тууралуу ой жүгүртсөк, натыйжасы жакшы болот. Тактап айтканда, жакшы сапаттарды өрчүтөбүз, сөзүбүз жагымдуу болот, башкалар менен да жакшы мамиледе болобуз (Колосалыктар 4:6).