Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-ачкыч: Дененин муктаждыктарына кам көргүлө

2-ачкыч: Дененин муктаждыктарына кам көргүлө

2-ачкыч: Дененин муктаждыктарына кам көргүлө

«Эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, аны азыктандырып, бапестейт» (Эфестиктер 5:29). Өзүңөргө кам көрүү үчүн негизги кадамдарды жасоо менен эле ден соолугуңарды бир топ жакшырта аласыңар.

◯ Жетиштүү эс алгыла. «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык» (Насаатчы 4:6, «ЖД»). Азыркы жашоонун талаптары жана алаксытуулары адамдардын уйкуга бөлчү убактысын уурдоодо. Бирок уйку ден соолуктун чың болушу үчүн аябай маанилүү. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, уктап жатканда организмибиз жана мээбиз калыбына келет, бул болсо эс-тутумубуздун жакшы болушуна, көңүлдүү жүрүшүбүзгө шарт түзөт.

Уйку иммун системасын чыңдап, инфекцияларга, диабетке, инсультка, жүрөк ооруларына, ракка, семирүүгө, депрессияга, балким, Альцгеймер оорусуна да чалдыгуу коркунучун азайтат. Таттуу-паттуу, кофеин жана башка дүүлүктүрүүчү заттарды колдонуу менен ал табигый «коргоо механизмин» этибарга албагандын ордуна, ага баш ийип, жетиштүү укташыбыз кажет. Чоң кишилердин көбү келбети жакшы болушу, өздөрүн жакшы сезиши жана толук кандуу иштеши үчүн, түнкүсүн 7-8 саат укташы керек. Ал эми жаштар көбүрөөк укташы зарыл. Уйкусун кандырбаган жаштарда психологиялык көйгөйлөргө кабылган жана машине айдап баратканда уктап кеткен учурлар көп болот.

Ооруп жатканда уйкуга өзгөчө муктаж болобуз. Организмибиз айрым ооруларды, мисалы, суук тийип калганда көбүрөөк уктасак жана суусундукту көп ичсек, өзү эле жеңип кетет.

◯ Тишиңерге кам көргүлө. Тамактангандан кийин жана айрыкча, жатардын алдында тишиңерди жууп, араларын тиш жиби менен тазалап турсаңар, бул тишиңерге курт түшүшүнөн, тишиңерден айрылуудан, бүйлөңөрдүн оорушунан сактайт. Тишибиз өзүбүздүкү болбосо, тамактан толук пайда ала албайбыз. Пилдер карылыктан эмес, тиштери түшүп калгандыктан, тамакты жакшы чайнай албай, ачкадан өлүшөт деп айтылат. Тамак жегенден кийин тишин жууп, тиш жиби менен тазалоого үйрөтүлгөн балдардын ден соолугу жаштайында да жана өмүр бою алда канча чың болот.

◯ Доктурга көрүнгүлө. Кээ бир илдеттерди медицина адистеринин жардамы менен дарылоо зарыл. Эртерээк текшерилүү, адатта, жакшы натыйжага алып келет, чыгым да азыраак болот. Андыктан өзүңөрдү жаман сезип жатсаңар, доктурга көрүнүп, оорунун белгилерин эмес, себебин жоюуга умтулгула.

Ишенүүгө татыктуу медициналык жайларга барып, үзгүлтүксүз текшерилип туруу көптөгөн олуттуу көйгөйлөрдүн алдын алат. Кош бойлуу кезде көрүнүп туруу жөнүндө да ушуну айтууга болот *. Анткен менен доктурлардын керемет жасай албай турганын унутпагыла. Кудай «бардыгын жаңы жараткан» кезде гана бардык оорулардан арылабыз (Аян 21:4, 5).

[Шилтеме]

^ 8-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2010-жылдын апрель — июнундагы санына чыккан «Баланын дени сак болушу энеден» деген макаланы карагыла.