Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Адамдарга болгон күчтүү сүйүүңөргө абдан ыраазыбыз»

«Адамдарга болгон күчтүү сүйүүңөргө абдан ыраазыбыз»

«Адамдарга болгон күчтүү сүйүүңөргө абдан ыраазыбыз»

Орусиядагы кабарчыбыздан

▪ Чыгыш Сибирдеги Чита шаарындагы Жахабанын Күбөлөрү Падышалык залы жок кезде жыйналыш өткөрүү үчүн бир мектептин классын колдонушчу. Жахабанын Күбөлөрү классты дайыма таза кармап, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, өздөрү болсо сылык-сыпаа, ак ниет болушкандыктан, мектептин деректирлери аларга кат аркылуу ыраазычылык билдиришкен.

Ал катта мындай делет: «Биз силердин адамдарга болгон күчтүү сүйүүңөргө абдан ыраазыбыз. Андай сүйүүңөр силер менен сүйлөшкөндөрдүн баарына айкын көрүнүп турат. Ошондой эле жалпынын кызыкчылыгы үчүн аткарган ишиңерге, адамгерчилигиңерге чоң рахмат. Силер менен иштешүү бизге аябай таасир этти, ал күндөрдү эч качан унутпайбыз. Кудайга ишенгендер абийирдүү, тартиптүү, кайрымдуу, эң негизгиси, алдына максат коюп жашаган адамдар экенине дагы бир ирет ынандык». Мындай жылуу сөздөр Жахабанын Күбөлөрүн кубантпай койбойт.

▪ Читадан батышты көздөй 5 500 километрдей алыстыктагы Санкт-Петербургдун райондорунун биринин башкармалыгы Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы филиалынын өкүлүн өзгөчө бир аземге чакырган. Кандай себеп менен? Кар эриген маалда Жахабанын Күбөлөрү филиалдын жанынан анча алыс эмес өткөн чоң жолдун 60 километрдей аралыгын таштандылардан тазалоого жыл сайын жардам берип келишет. Коомго пайда алып келген бул иш үчүн мамлекеттик кызматкер филиалдын өкүлүнө ыраазычылык кат тапшырган. Бул дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолгон. Кызыктуусу, аземдин төрагасы Жахаба Кудайдын ысмын туура эмес айтканда, айрым угуучулар, Жахабанын Күбөсү болбосо да, отурган жеринен аны тууралап коюшкан. Бул алардын Кудайдын ысмы менен, ошондой эле анын ысмын жарыялап жүргөн адамдар менен жакшы тааныш экенин көрсөтүп турат.

Орусиядагы 150 000дей Жахабанын Күбөсүнүн ынталуу кызматынын аркасында ал жактагы адамдар Кудайдын ысмын жана анын элин жакшы таанышат. Жахабанын Күбөлөрүнүн негизги максаты — мындан ары да адамдарга сүйүү көрсөтүп, кулак каккандардын баарына Ыйык Китептеги көңүл соороторлук кабарды айтуу (Матай 22:39).

[30-беттеги сүрөт]

Орусиянын филиалына ыраазычылык кат тапшырылды