Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Балдар өз алдынча болуп кетишкенде...

Балдар өз алдынча болуп кетишкенде...

КӨЙГӨЙ

Жубайлардын көбүнүн эң чоң көйгөйү балдары чоңоюп, ар кимиси өз алдынча болуп кеткенде башталат. Балдары уядан учкандан кийин алар бири-бирине чоочун кишидей болуп калышы мүмкүн. Үй-бүлө боюнча М. Гари Нойман деген бир адис буга байланыштуу мындай дейт: «Өмүрлүк жары менен кантип кайрадан мамиле түзүштү билбегендер көп учурайт. Себеби балдары үйдөн кеткенден кийин алардын сүйлөшө турган деле сөзү жок калат» («Emotional Infidelity»).

Ушул айтылгандар силерге да тиешелүүбү? Эгер ошондой болсо, бул көйгөйдү чечсе болоруна шектенбегиле. Анда адегенде ортоңор алыстап, мамилеңердин сууп калышына эмнелер себеп болушу мүмкүн экенине токтололу.

КӨЙГӨЙДҮН СЕБЕБИ

Өмүр бою балдар деп жашап келгендик. Көптөр жубайынын муктаждыктарына караганда балдарынын муктаждыктарына көбүрөөк көңүл бурушат. Натыйжада жубайлар ата же эне болуп жүрө берип, ошого көнүп калгандыктан өздөрүнүн күйөө же аял катары аткарган милдети бар экенин унутуп коюшат. Анан балдары өз алдынча түтүн булатып кетишкенде, ушул көйгөй сыртка калкып чыгат. «Балдарыбыз барда бир нерселерди чогуу кылчубуз»,— дейт 59 жаштагы бир аял. Ал эми балдары кеткенден кийин ага жолдошу экөөнүн «жолу эки башка болуп калгандай» сезилген. Бир жолу атүгүл ага: «Мындан ары экөөбүз чогуу жашай албайт окшойбуз»,— деп да айткан экен.

Жашоосундагы жаңы баскычка даяр эмес болгондук. Үй-бүлө жөнүндөгү бир китепте: «Андай учурда көптөгөн жубайлар өздөрүн жаңыдан баш кошкондой сезишет»,— деп жазылган («Empty Nesting»). Аларды бириктирип турган нерселер калбай калгандай сезилгендиктен көптөр өзү менен өзү болуп, жубайлар болбой эле, кошуналар болуп калышат.

Анткен менен жубайлар андай тузактан кача алышат, ал тургай андай жашоонун ыракатын көрө алышат. Ыйык Китептеги кеңештер буга кандайча жардам берерине токтололу.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Жаңы жагдайга ылайыкташа билгиле. Ыйык Китепте балдар чоңойгондо «ата-энесин калтырары» жазылган (Башталыш 2:24). Негизи, бардык ата-энелердин максаты — балдарды эресеге жеткирип, өз алдынча оокат кылып кете алгыдай кылып үйрөтүү. Андыктан балдарыңардан өз алдынча турмуш куруп кеткенине сыймыктансаңар болот (Ыйык Китептеги принцип: Марк 10:7).

Албетте, балдарыңар канчага чыкпасын, дайыма ата-эне бойдон кала бересиңер. Бирок эми аларга мурункудай көзөмөл кылбай, тек гана кеңеш айтып тура турган убак келгенин унутпагыла. Ошондо балдарыңар менен да ынак болосуңар, жубайыңарга да көбүрөөк көңүл бура аласыңар * (Ыйык Китептеги принцип: Матай 19:6).

Сезимиңерди айткыла. Өмүрлүк жарыңарга жашооңордун өзгөргөнү силерге кандай таасир этип жатканын айткыла жана аны да кунт коюп уккула. Чыдамкай, түшүнүктүү болгонго аракет кылгыла. Мамилеңерди бекемдеш үчүн убакыт талап кылынышы мүмкүн, бирок бул ошого арзыйт (Ыйык Китептеги принцип: 1 Корунттуктар 13:4).

Бир нерсени чогуу жасагыла. Алдыңарга кандай максат койсоңор болору тууралуу, ошондой эле экөөңөргө тең эмне кылууну үйрөнүү кызыктуу болмоктугу тууралуу сүйлөшкүлө. Балдарды чоңойтуп жатып көп тажрыйба топтогондуктан башкаларга бул жагынан жардам берүүнү да максат кылып алсаңар болот (Ыйык Китептеги принцип: Аюп 12:12).

Нике түйүнүн кайрадан бекемдегиле. Жубайыңарды кайсы сапаттары үчүн жакшы көрүп калганыңар жөнүндө ойлонуп көргүлө. Чогуу өткөргөн күндөрүңөрдү, чогуу жеңген кыйынчылыктарыңарды эстегиле. Ошондо жашооңордун бул жаңы баскычы силерге көп кубаныч тартуулайт. Чогуу-чаран иш-аракет кылганыңардын аркасында мамилеңерди жакшыртууга жана башыңарды бириктирген алгачкы сүйүүңөрдү кайрадан жандырууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт.

^ 12-абз. Эгер балдарыңар чоңоё элек болсо, жубайыңар менен «бир дене» экениңерди унутпагыла (Марк 10:8). Ата-энесинин мамилеси бекем болгон балдар өздөрүн өзгөчө коопсуз сезишет.