Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Электрондук каражаттар жана досторуңар

Электрондук каражаттар жана досторуңар

Алыс жакты жакын кылган электрондук каражаттар аркылуу эки башка өлкөдө жашаган адамдар жазышып, видео менен сүйлөшүп же соцтармактар аркылуу оңой эле байланыша алышат. Алар үчүн электрондук каражаттарды кул десе болот.

Бирок айрымдар достору менен ушинтип эле байланышат. Ошонун аркасында төмөндөгүдөй көйгөйлөр туулат:

  • досторуна кайдыгер карап калышат

  • жалгызсырашат

  • өздөрүн гана ойлоп калышат

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

БООРУКЕРДИК

Боорукер болсок, башкаларды түшүнгөнгө аракет кылабыз. Бирок азыркы соцтармактардын доорунда боорукер болуу кыйынга турат. Анткени көңүлүбүз башкалар менен жазышканга, алар салган нерселерди көргөнгө байланып калат.

Эгер электрондук каражаттар кожоңор болуп калса, досуңардан келген билдирүүлөрдү жүктөй көрүп каласыңар. Андайда досуңардын жардамга муктаж экени көз жаздымда калып калышы мүмкүн. Максатыңар иши кылып эле бардык билдирүүлөргө жооп берүү болуп калат.

ОЙЛОНУП КӨР: Досторума жооп берип жатканда кайдыгер болбой, канткенде алардын камын ойлойм? (1 ПЕТИР 3:8).

ЖАЛГЫЗСЫРОО

Бир изилдөөдөн айкын болгондой, көптөр соцтармактарды колдонгондон кийин убактым текке кетти деп, өздөрүн жаман сезишет. Алар башкалардын эмне менен алек болуп жатканын, салган сүрөттөрүн көрүп отура берип, анан өздөрүн пайдалуу эч нерсе кылган жокмун деп жемелешет.

Андан тышкары, башкалардын укмуш сүрөттөрүн көрүп алып, өздөрүн аларга салыштыра башташат. Ошондо өздөрү көр тирилик менен эле алек болуп, башкалар жыргап жүргөндөй сезилет.

ОЙЛОНУП КӨР: Соцтармактарды колдонуп жатканда өзүмдү башкаларга эмне үчүн салыштырбашым керек? (ГАЛАТИЯЛЫКТАР 6:4).

ӨЗҮМЧҮЛДҮК

Бир мугалим анын айрым окуучулары өз пайдасын көздөгөндүктөн эле дос болуп, өзүмчүл болуп калганын байкаган *. Алар алсам деп эле турушат. Андай адамдар досторун телефондой эле көрүп калышы мүмкүн. Кереги барда колдонот, кереги жокто көңүл да бурбайт.

ОЙЛОНУП КӨР: Соцтармактарга салган сүрөттөрүң сенин атаандашканга жакын, өзүмчүл адам экендигиңди көрсөтүп турган жокпу? (ГАЛАТИЯЛЫКТАР 5:26).

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

ӨЗҮҢДҮ ТЕКШЕР

Электрондук каражат кожоюнуң эмес, кулуң болгондо досторуң менен байланышып, аларга жакын боло аласың.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Сүйүү... өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 КОРУНТТУКТАР 13:4, 5).

Колдонгуң келген сунушту танда же өзүңдүкүн жаз.

  • Жазышканга караганда, жүзмө-жүз сүйлөшүү

  • Кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатканда телефондун үнүн басып коюу

  • Соцтармактарда отурган убакытты чектөө

  • Башкаларды кунт коюп угуу

  • Кыйынчылыкка кабылган досуң менен байланышуу

^ 17-абз. «Reclaiming Conversation» деген китептен алынды.