Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын ысмы ким?

Кудайдын ысмы ким?

Кимдир бирөө менен таанышканда эң алгач атын сурайбыз. Эгер Кудайдан атын сурасаңар, ал эмне деп жооп бермек?

«Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым» (Ышая 42:8).

Балким, силер: «Аллахтын 99 ысмы бар. „Жахаба“ дегенди биринчи жолу угуп жатам»,— дейттирсиңер. Бирок «Жахаба» деген ысым Ыйык Китептин түп нускасында 7 000дей жолу жазылган. Бул ысым еврей тилиндеги ЙХВХ же ЖХВХ деген төрт үнсүз тамга менен берилген. Кыргызча айтылышы — «Жахаба».

Кудайдын ысмы Ыйык Китептин еврей тилиндеги түп нускасында жана көптөгөн котормолорунда кездешет

Жансыз деңизден табылган Забур китебинин түрмөгү. Б.⁠з. 1-кылымы, ЕВРЕЙЧЕ

Тиндалдын котормосу 1530-жыл, АНГЛИСЧЕ

Рейна-Валера котормосу 1602-жыл, ИСПАНЧА

«Юнион вершн» 1919-жыл, КЫТАЙЧА

БУЛ ЫСЫМ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Кудай өз ысмын маанилүү деп эсептейт. Бул ысымды Кудайга кимдир бирөө койгон эмес. Ал аны өзү тандап алган. Жахаба: «Бул — менин түбөлүккө калчу ысмым, муундан муунга ушул ысмым менен эсте калам»,— деп айткан (Чыгуу 3:15). Белгилей кетчү нерсе, Ыйык Китепте «Жахаба» деген ысым Кудурети Чексиз, Жараткан, Теңир же Кудай деген сыяктуу наамдарына караганда, ошондой эле Ыбрайым, Муса, Дөөтү же Иса деген ысымдарга караганда көбүрөөк кездешет. Жахаба өзү да ысмын башкаларга ачып берүүнү каалайт. Ыйык Китепте: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деп айтылган (Забур 83:18).

Кудайдын ысмы Иса пайгамбар үчүн да маанилүү болгон. Ал жолдоочуларына кантип тиленүү керектигин үйрөтүп жатып, аларды Кудайдан: «Ысмың ыйыкталсын»,— деп суранууга үндөгөн (Матай 6:9). Өзү да: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деп тиленген (Жакан 12:28). Ал Кудайдын ысмын даңктоону жашоосунда биринчи орунга койгондуктан: «Сенин атыңды аларга ачып бердим, дагы да ачып берем»,— деген (Жакан 17:26).

Кудайдын ысмы ага ишенгендер үчүн да маанилүү болгон. Кудайдын байыркы учурда жашаган кызматчылары анын өзгөчө ысмын билип, урматтаганда гана коопсуз жашаарын жана куткарыларын билишкен. Ыйык Китепте: «Жахабанын ысмы — бекем мунара. Ага адил адам качып кирип, коопсуз болот»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 18:10). Ошондой эле: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— делген (Жоел 2:32). Андан сырткары, Кудайга кызмат кылгандар анын ысмын алып жүргөнү менен айырмаланары айтылган. Мисалы, анда: «Бардык элдер, ар бири өз кудайынын ысмы менен аталат, биз болсо кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө Жахаба Кудайыбыздын ысмы менен аталабыз»,— деп айтылган (Микей 4:5; Элчилер 15:14).

КУДАЙДЫН ЫСМЫ АЛ ТУУРАЛУУ ЭМНЕНИ АЙТЫП ТУРАТ?

Ысмынан анын кандай экенин биле алабыз. Көптөгөн окумуштуулар «Жахаба» деген ысым «болтурат» деген маанини туюнтат деп айтышат. Жахаба Кудай Муса пайгамбарга: «Мен ким болгум келсе, ошол болом»,— деп айтканда өзүнүн ысмынын маанисин ачып берген (Чыгуу 3:14). Андыктан Кудайдын ысмы анын жандуу-жансыздын баарын жаратканын гана билдирбейт. Ал Жахабанын, өзүнүн ой-ниетин ишке ашыруу үчүн ким болушу керек болсо, ошол боло аларын жана жаратууларын да, алар ким же эмне болушу керек болсо, ошол кыла аларын көрсөтүп турат. Кудайдын наамдары анын ээлеген абалын, бийлигин же күчүн айгинелейт. Бирок анын кандай Кудай экенин жана каалаганын ишке ашыра аларын «Жахаба» деген ысмы гана айкын кылып турат.

Бизге көңүл бурарын биле алабыз. Кудайдын ысмынын маанисинен анын өз колунан бүткөн жаратууларына, анын ичинде бизге дайыма кам көрөрүн билүүгө болот. Ошондой эле Кудай өзүнүн ысмы ким экенин айтуу менен биздин аны таанып-билишибизди каалаарын көрсөткөн. Анткени ал демилгени колго алып, адамдар анын ысмы тууралуу ойлоно электе эле ачып берген. Ооба, Жахаба аны бизден алыс, таанып-билгис рух катары эмес, аны менен ынак мамиле өрчүтө ала турган Кудай катары көрүшүбүздү каалайт (Забур 73:28).

Кудайдын ысмын колдонуу менен ага жакындагыбыз келерин көрсөтөбүз. Мисалы, силер дос болгуңар келген адамдан ысымыңардан кайрылышын сурандыңар дейли. Эгер ал, канча өтүнсөңөр да, атыңарды айткысы келбесе, өзүңөрдү кандай сезет элеңер? Бара-бара анын силер менен чындап эле дос болгусу келерине шектене баштамак болушуңар керек. Кудай тууралуу да ушуну айтууга болот. Жахаба өзүнүн ысмын ачып бергенден сырткары, бизди ага ысмынан кайрылууга үндөйт. Эгер ошентсек, Жахабага аны менен ынак мамиледе болгубуз келерин көрсөтөбүз. Көңүл бурчу нерсе, Жахаба атүгүл «анын ысмы тууралуу ой жүгүрткөндөрдү» да байкап турат (Малаки 3:16).

Кудайдын ысмын билүү — аны таанып-билүүгө шарт түзгөн биринчи жана эң маанилүү кадам. Бирок ушу менен эле чектелбешибиз керек. Ал ысымды алып жүргөн Кудайдын кандай экенин, кандай касиет-сапаттары бар экенин да билгенибиз зарыл.

КУДАЙДЫН ЫСМЫ КИМ? Кудайдын ысмы — Жахаба. Бул ысым анын өз ой-ниетин ишке ашырууга кудуреттүү экенин эң сонун айгинелеп турат.