Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаңы жыйналышка канткенде бат көнүп кете аласыңар?

Жаңы жыйналышка канткенде бат көнүп кете аласыңар?

ЖАҢЫ жыйналышка которулуп көрдүңөр беле? Эгер ошондой болсо, Жан-Шарлдын айткандарына кошулат болушуңар керек. Ал: «Үйдөгүлөргө жаңы жыйналышка көнүп кеткенге, ошол эле учурда Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактаганга жардам бериш оңой эмес»,— деген. Башка жерге көчүп баргандар жумуш, үй, мектеп сыяктуу нерселерге көнгөндөн тышкары, катаал климатка, бөлөк маданиятка, жаңы кабар айтуу аймагына ылайыкташышы керек болот.

Николас менен Селина болсо башка кыйынчылыкка туш болгон. Франциянын филиалы аларды жаңы жыйналышка дайындаган. Алар мындай деп эскерет: «Башында аябай сүйүнүп жатканбыз. Бирок көп өтпөй эле досторубузду сагына баштадык. Анткени жаңы жыйналыштагылар менен анчалык деле жуурулушуп кете элек болчубуз» a. Ушундай кыйынчылыктарды эске алганда, жаңы жыйналышка канткенде бат көнүп кетсе болот? Башкалар жаңы келгендерге кантип жардам бере алат? Канткенде жаңы жыйналышыңарга бата болуп, өзүңөр да бата аласыңар?

КӨНҮП КЕТКЕНГЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН ТӨРТ КЕҢЕШ

Жахабага таянгыла

1. Жахабага таянгыла (Заб. 37:5). Жапониядан болгон Казуми мурунку жыйналышында 20 жылдай кызмат кылган. Анан күйөөсүнүн жумушуна байланыштуу башка жакка көчүшкөн. Ал «жолун» Жахабага кантип тапшырган? Казуми мындай дейт: «Мен жүрөгүмдү өйүгөн, тынчсыздандырган нерселеримди, канчалык жалгызсырап жатканымды Жахабага кайра-кайра айтып жаттым. Тиленген сайын Жахаба мага күч берип жатты».

Канткенде Жахабага көбүрөөк таяна аласыңар? Өсүмдүк жакшы өсүш үчүн суу жана топурактын курамындагы азык-заттар зарыл болгондой эле, ишенимибиз өсө бериш үчүн аны азыктандырып турушубуз керек. Жогоруда айтылган Николас Ыбрайым, Иса жана Пабыл сыяктуу Кудайга кызмат кылыш үчүн көп нерсесин садага чапкан кишилер жөнүндө ой жүгүрткөн. Ошонун аркасында Жахабанын ага сөзсүз жардам берерине көзү жеткен. Силер да Ыйык Китепти өз алдыңарча дайыма изилдесеңер, жашооңордогу өзгөрүүлөргө оңой көнүп кете аласыңар. Ошондой эле жаңы жыйналыштагы ишенимдештериңерди бекемдей аласыңар.

Салыштырбагыла

2. Салыштырбагыла (Нас. 7:10). Бенинден Кошмо Штаттарга көчүп барган Жюелге таптакыр башка маданиятка көнүшү керек болгон. «Мен тарых-таржымалымды жыйналыштагы ар бир кишиге айтып бергенге милдеттүүдөй эле сезгем»,— дейт ал. Мындайга көнбөгөндүктөн Жюел жыйналыштагылардан обочолоно баштаган. Бирок ишенимдештерин жакшыраак биле баштагандан кийин өзгөргөн. Жюел мындай дейт: «Жердин кайсы бурчуна барба, адамдардын баары эле окшош экен. Болгону, баскан-турганы, оюн жеткиргени башкача экен. Ошон үчүн башкаларды кандай болсо, ошондой кабыл алыш керек экенин түшүндүм». Андыктан жаңы жыйналышыңарды мурдагы жыйналышыңар менен салыштырбагыла. Анна-Лиза деген бир пионер бул тууралуу: «Мен жаңы жерге артта калган нерселерди издеш үчүн эмес, жаңы нерселерди табыш үчүн көчүп баргам»,— дейт.

Аксакалдар да жаңы жыйналышын эски жыйналышы менен салыштыра бербеши керек. Барган жыйналышында кайсы бир нерсе башкача кылынып жатса эле, туура эмес кылынып жатат дегенди билдирбейт. Бир нерсени сунуштаганга чейин жергиликтүү жагдай-шартты жакшы билип алганыңар акылдуулукка жатат (Нас. 3:1, 7б). Ишенимдештериңерге жардам бергиңер келсе, өзүңөрдүн оюңарды таңуулагандан көрө үлгү болгонуңар дурус (2 Кор. 1:24).

Камыр-жумур болгула

3. Камыр-жумур болгула (Флп. 1:27). Башка жерге көчүүгө көп убакыт, көп күч кетери айтпаса да түшүнүктүү. Бирок, мүмкүн болсо, башынан эле жыйналышка бетме-бет катышканыңар абдан маанилүү. Эгер жаңы жыйналыштагы ишенимдештериңер силерди анда-санда эле көрсө же эч качан көрбөсө, зарыл болгондо көмөк көрсөтө албай калышы ыктымал. Люсинда эки кызы менен Түштүк Африкадагы чоң шаарга көчүп барган. Ал мындай дейт: «Досторубуз бизге жыйналыштагылар менен жуурулушкула, кызматка чыккыла жана жыйналышка жигердүү катышкыла деп кеңеш берген. Мындан сырткары, биз үйүбүздү кабар айтуу жолугушууларын өткөргөнгө сунуштадык».

Жаңы жыйналыштагылар менен ийиндеш туруп кызмат кылсаңар, өзүңөрдүн да, башкалардын да ишенимин бекемдейсиңер. Жогоруда кеп кылынган Анна-Лизаны аксакалдары жыйналыштагы ар бир жарчы менен кызматташканга үндөгөн. Натыйжасы кандай болгон? «Бул жыйналышка тез көнүп кетүүнүн ачкычы экен»,— дейт ал. Ошондой эле Падышалык залын жууп-тазалаганга, оңдоп-түзөгөнгө катышсаңар, жаңы жыйналыш өзүңөрдүн жыйналышыңардай болуп калганын көрсөтөсүңөр. Канчалык көбүрөөк аралашсаңар, башкалар силерге ошончолук батыраак көнөт. Өзүңөр да жаңы жыйналышта үйүңөрдө жүргөндөй жүрүп каласыңар.

Жаңы досторду күткүлө

4. Жаңы досторду күткүлө (2 Кор. 6:11—13). Дос күткүңөр келсе, башкаларга чын дилден көңүл бургула. Жыйналышка чейин же кийин ишенимдештериңер менен таанышканга атайын убакыт бөлгүлө. Аттарын жаттап калганга аракет кылгыла. Аттарын эстеп калсаңар, жылуу-жумшак мамиле кылсаңар, жаркылдап турсаңар, башкалар силерге тартылат. Мунун аркасында алар менен дос болуп каларыңар шексиз.

Ишенимдештериңер силерди кандай болсоңор, ошондой кабыл ала алышы үчүн, аларга жагынганга аракет кылбагыла. Ишенимдештериңер менен көбүрөөк убакыт өткөрсөңөр, жакшыраак тааныша аласыңар. Люсинда так ушундай кылган. Ал: «Биз өзүбүз аракет кылып, башкаларды үйүбүзгө көп чакыргандыктан, азыр алар менен ынак достордонбуз»,— дейт.

«БИРИ-БИРИҢЕРДИ ЖЫЛУУ КАБЫЛ АЛГЫЛА»

Айрымдар эч кимди тааныбаган жаңы жыйналышка кирип барганда өзүн оңтойсуз сезишет. Жыйналышка жаңы келген ишенимдештериңерге көнүп кеткенге кантип жардам бере аласыңар? Пабыл: «Машаяк силерди кабыл алгандай, силер да бири-бириңерди жылуу кабыл алгыла»,— деген (Рим. 15:7, ККЖД). Аксакалдар, Машаякты туурап, жаңы келгендерди жылуу тосуп алышса, алар көп тынчсызданбай калышат. (« Башка жыйналышка которуларда эмнелерди кылыш керек?» деген кутучаны карагыла.) Жаңы келгендер жыйналышка аралашып кетиш үчүн баары, анын ичинде балдар да чоң салым кошо алышат.

Аларды чайга чакырсак же иш жүзүндө жардам берсек да, жылуу кабыл алган болобуз. Бир келин алардын шаарына көчүп келген ишенимдешине шаарды жана коомдук унаага каяктан түшсө болорун көрсөткөнгө атайын убакыт бөлгөн. Ушинткени анын жүрөгүн козгоп, жаңы жерге батыраак көнүп кеткенге жардам берген.

ЖАКШЫРГАНГА ЖАКШЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК

Чымчыктын балапаны уядан дароо эле учуп кетпейт. Ал учканга аз-аздан көнүгөт. Жакшы учуп калганда улам бийик көтөрүлө баштайт. Ошо сыңары, жаңы жыйналышка которулганда өзүңөрдү уча элек балапандай сезишиңер мүмкүн. Бирок тынчсыздандырган ойлорду жеңсеңер, Жахабага көбүрөөк кызмат кылыш үчүн канатыңарды кере жайып, алыс уча аласыңар. Николас менен Селина мындай деп ой бөлүшкөн: «Башка жакка көчкөндө көп сонун нерселерге үйрөнө аласыңар! Жаңы адамдарга, жаңы жерге көнүш үчүн жаңы сапаттарды өрчүтүшүбүз керек болду». Ал эми макаланын башында сөз кылынган Жан-Шарль жаңы жыйналышка которулгандын пайдасы жөнүндө мындай деген: «Жаңы жыйналыштан балдарыбыз кадимкидей гүлдөдү. Баргандан бир нече ай өтүп-өтпөй эле кызыбыз иш күндөрүндөгү жолугушуудан тапшырма алды. Уулубуз болсо чөмүлө элек жарчы болду».

Эгер жагдай-шартыңардан улам башка жакка, мисалы, жарчыларга муктаждык көп жерге көчүп бара албасаңар, эмне кылсаңар болот? Анда азыркы жыйналышыңарды жаңы жыйналыштай көрүп, жогоруда айтылган кеңештерди колдонуп көргүлө. Жахабага таянып, жыйналыштагылар менен камыр-жумур болгула. Ан үчүн башкалар менен кабар айткыла, жаңы досторду күткүлө же мурдагы досторуңар менен ынагыраак болгонго аракет кылгыла. Балким, жаңы келгендерге же муктаж болгондорго жардам бере алаттырсыңар. Сүйүү Кудайдын кызматчыларын башкалардан айырмалап турарын унутпагыла. Сүйүүңөрдү иш жүзүндө көрсөтсөңөр, Жахабага мурункудан да көбүрөөк жакындайсыңар (Жкн. 13:35). «Ушундай курмандыктар Кудайга жагарынан» шектенбегиле (Евр. 13:16).

Айрым кыйынчылыктарга карабай көптөгөн ишенимдештериңер жаңы жыйналышка көнүп кетишкен. Силер да ошенте аласыңар! «Жаңы жыйналышка которулганым жүрөгүмдү кенен ачканга шарт түздү»,— дейт Анна-Лиза. Казуми болсо: «Жер которгондо Жахабанын колдоосун башкача сездим»,— деген. Ал эми Жюел: «Көптөр менен достошкондуктан жаңы жыйналышта үйүмдө жүргөндөй эле жүрөм. Ушунчалык көнүп калгандыктан, башка жакка кетким келбей калды»,—деп айткан.

a «Мурун жашаган жериңди сагынганда эмне кылсаң болот?» деген макаланы окуп көргүлө («Күзөт мунарасы», 1994-ж., 15-май, ор.)